ВИДЕО-Таксистке кардары кол салып, сабап салды

ВИДЕО-Таксистке кардары кол салып, сабап салды

Россиянын Саратов облусунда таксистти кардары сабап салды. Айдоочу анын баласын кичине бала отуруучу орундугу жок айткан дарекке жеткирүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Life Shot басылмасы билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, жакында эле жубайлар “Яндекс Такси” кызматын чакырышкан. Анда жубайлар алар менен чоогу кичинекей бала бараарын көрсөткөн эмес. Ошол себептен, айдоочу аларды жеткирүүдөн баш тартты. Ал заказдан баш тартып, башка унаа чакырууну суранган. Анда Үй-бүлөнүн башчысы ызы-чуу чыгарып, айдоочуга кол салып, аны сабап салган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости