СҮРӨТ — ИИМ: Мал уурдоо менен алектенген топ кармалды

СҮРӨТ - ИИМ: Мал уурдоо менен алектенген топ кармалды

2019-жылдын декабрь айында Чүй облусунун Кемин районунун Ильичев айыл өкмөтүнүн аймагынан 11 баш ири мүйүздүү малдарды (уй менен торпоктор) белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Мал ээлери болсо башында өз күчтөрү менен издешип, андан соң гана милицияга кайрылышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты КЖБРге катталып, Кемин РИИБ тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында көптөгөн мал уурулукка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочулары Э.А., С.А. жана Талас облусунун жашоочусу Т.Т. кармалды. Алынган маалымат боюнча алар уурдалган малдарды Баткен облусунун аймагына алып келишип, жергиликтүү базарларда сатып жүрүшкөн.

Азыркы учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.

Учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости