ВИДЕО- Юристке кол салган "Лексустун" айдоочусу изин жашырып кетти

ВИДЕО- Юристке кол салган

Ош шаарындагы Салиев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эркек киши юрист Хусанбай Салиевге кол салды. Бул тууралуу анын жактоочусу Валерьян Вахитов маалымдады.

Анын айтымында, окуя 26-февраль күнү болжол менен саат 17:30да болуп өткөн. «Лексус» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Салиевдин унаасынын алдынан чыгууга аракет кылып, андан кийин ага машинесин токтотууну талап кылган. Унаадан чыккан Салиевди спорттук дене түзүлүштөгү адам кокустан бетке уруп жиберген.

“Салиев унаадан түшкөндө айдоочу менен саламдашат, бирок, тигил айдоочу дароо аны бетке чаап жиберген. Салиев жай сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок, кол салган адам аны уккусу да келген эмес, ири аткаминердин тууганымын деп айтып, ооз алгыс сөздөр менен тилдеп баштаган.

Жаңжалды көргөн Салиевдин кесиптештери аларга басып келишет. Хусанбайдын суранычы менен алар милиция кызматкерлерин чакырышкан, бирок, «Лексустун» айдоочусу изин суутуп кеткен. Бүгүн ал судмедэкспертизада болду, жыйынтыктары жакынкы арада билинет», — деп белгиледи жактоочу.

Мындан тышкары, Вахитов кол көтөрүү, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, коркутуп-үркүтүү адепсиздиктин жеткен чеги. Мыйзамдын негизинде жооп бериши керектигин кошумчалады.

Учурда ур-токмокко алуу боюнча арыз жазылып, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кошумчалады. Жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылган.
Булак: NazarNews.kg

Назар Новости