ВИДЕО-Белгилүү блогердин туулган күнү эки адамдын өлүмү менен аяктады

ВИДЕО-Белгилүү блогердин туулган күнү эки адамдын өлүмү менен аяктады

Россиянын белгилүү блогери Екатерина Диденко Москвада өзүнүн 29 жаш туулган күнүн мончодо тосуп жатып, өлүп кала жаздады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка караганда, туулган күндүк кечеде эки адам каза болуп, үчөө ооруканага жеткирилген. Алар химиялык затка ууланышкан.

Жабырлануучулардын арасында блогердин жолдошу Валентин Диденко дагы бар. Айрым телеграм каналдар блогер өзү ээсине келбей каза болду деген маалымат тараткан. Бирок, көп өтпөй Екатерина Инстаграмдан эфирге чыгып, өзү жабыркабаганын жана жолдошу жандандыруу бөлүмүндө экенин билдирген.

Окуя, кеченин конокторунун бири бассейнге муздарды ыргытканда башталган. Жабырлануучулардын баары оор химиялык күйүктөрдү алышкан.

Маалым болгондой, бассейнге музду Диденконун жолдошу сатып алган. Муз эффективдүү бууга айланыш керек болчу. Бирок, муз сууга түшкөндө бассейндеги адамдар ээсин жогото башташкан.

Екатерина Диденко Инстаграмда “Аптечный РЕВИЗОРРО” деген блог алып барат. Ал жактан дары-дармек тууралуу маалымат берип турат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости