Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Урмат Усенов менен Султан Садыралиев “МузАрт” тобунун ырын уурдап.

Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Урмат Усенов менен Султан Садыралиев “МузАрт” тобунун ырын уурдап...

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар…” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканынэрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бул жумадагы биздин каармандар Урмат Усенов жана Султан Садыралиев. Бир мезгилде кыргыз шоу бизнесине жаш таланттардын агымы келип, өнүгүү жолуна түшө баштаганда Урмат менен Султан 2008-жылы “Сен келээрсиң” аттуу ырды аткарып чыгып, популярдуу болушканы көпчүлүккө маалым. Бирок, бул ырдын уурдалганын эч ким ачыктап чыгарбаган. Ал эле эмес аткаруучуларыбыз да ырга ким авторлук кылаарын толук билишпейт экен. Болгону “МузАрт” тобу деп кутулушат. Ооба, бул ырды “МузАрт” тобу 2005-жылы аткарып чыккан. Ыр казак элине таандык. Бирок, ырдын обонун Мейрамбек Ордабаев жаратса, сөзүн Алия Шамшадинова аттуу жазуучу айым жазган. Төмөндө бул ыр эки элдин аткаруусунда тең бар. Тыңдап, өз бааңыздарды берсеңиздер болот!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Назар Новости