Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ильгиз Абдалиев ыр уурдаганы үчүн соттолобу?

Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ильгиз Абдалиев ыр уурдаганы үчүн соттолобу?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg” маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар…” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканынэрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Рубрикабыздын бүгүнкү каарманыбыз Ильгиз Абдалиев жана анын аткаруусундагы “Жүрөгүм” аттуу ыр болмокчу. Анда-санда ыр жаздырып, көңүлү келгенде клип тарттырып койгон Ильгиз былтыркы жылы “Жүрөгүм” деп сыздап ырдап калган. Бул чыгарма радио толкундарда жаңырып, эл арасына кеңири жайылбаса да интернет айдыңында тыңдагандар болгон. Бирок, ырчы мырза ырдын авторлорун жар салып, ачык айткан эмес. Демек, бул ырдын чыры бар… Себеби, бул ырдын түпкү нускасы казак элине таандык. Чыгарманын обонун Куаныш Курманбаев жаратса, сөзүн Оразбек Кинбаев жазган. Ал эми аткаруучу Нурболат Абдуллин бул ырды 2015-жылы аткарып чыгып, клибин да тарттырган. Нурболатка байланышка чыгып, бул ыр тууралуу кеп кылганыбызда: “”Жүрегим” аттуу ырга мен авторлук кылам. Ар бир чыгармамды жарыкка чыгарганда коммерциялык негизде сатып алам. Кыргыз элинен бул чыгарманы сурап чалган ырчылар болгон эмес жана эч кимге уруксаатымды берген эмесмин. Бирок, Ильгиз деген ырчы жигит аткарып жүргөнүн интернет аркылуу билип калдым. Менин ырларымды уруксаат сурабай, менин макулдугумсуз ырдап жүргөн ырчыларга каршымын. Жакында сотко кайрылайын деп турам. Менин сөздөрүмдү Ильгизге жеткирип коюшуңуздарды өтүнөм!” деп билдирди.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, салыштырып өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар! Ал эми биз бул чырлуу ырдын жыйынтыгы кандай болооруна сөзсүз көз салып, кабарлоого дайынбыз!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Назар Новости