Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Данияр Эрматов “Көңүлүмдөн калдың” аттуу ырын казак элинен уурдадыбы?

Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Данияр Эрматов “Көңүлүмдөн калдың” аттуу ырын казак элинен уурдадыбы?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар…” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканынэрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз Данияр Эрматов жана анын аткаруусундагы жакында эле жарык көргөн “Көңүлүмдөн калдың” аттуу ыр тууралуу болмокчу. Даниярга чыгармачылык эргүү келбей жатабы же жалкоолук мойнуна минип алганбы айтор, изденүүсү жок иштеп жүргөн маалы. Оңой иштин даамын татып алган ырчы мырза “Көңүлүмдөн калдың” аттуу ырын да казак элинен уурдаптыр. Бул чыгарманы казак элинде Асан Пердешев 2014-жылы “Сені ұмытамын” деп аткарып, ырга Асан мырза өзү авторлук кылат экен. Бирок, биздин ырчы мырзабыз казак кесиптешинин ырын уруксааты жок эле аткарып жүрөт экен.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости