Ун кымбаттады, инфляция башталдыбы?

Ун кымбаттады, инфляция башталдыбы?

Негизи инфляция, гипер инфляциядан 1992-жылдан бери кыргыз эли чоочуп калган. Мугалимдердин айлыгы 2019-жылдын 1-октябрынан баштап көтөрүлдү. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөр менен өкмөт дагы бир нерсени ойлоп табат деп, көпчүлүк мурун эле ойлоп койгон. Мындай нерсе табылды, анткени мугалимдер көтөрүлгөн айлыгын ала электе эле ундун баасы кымбаттап кетти. Кыргыздын карапайым адамдарынын негизги азыгы нан болгондуктан, ундун кымбатташы көпчүлүктүн үй-бүлөлүк бюджетине катуу эле тиет. Ундун кымбатташы башка товарлардын кымбатташына да таасирин тийгизет. Демек, мугалимдер биртке көтөрүлгөн акчаларын алгычакты эле кайра эле мурунку таз кейпине түшөбү? Анткени азыркы айлыгы ун кымбаттап кетсе дагы эле өп-чап жетип калат.

Учурда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков чет мамлекеттерде иш сапарында жүрөт. Августта Кой-Ташта ызы-чуу башталганда да Чолпон-Атада эс алып жүргөн. Деги президент ушундай окуяларды билеби, же өкмөт президент жоктугунан пайдаланып өз билгендерин жасап жатабы? Президент элди ойлосо ундун баасын кайра түшүрөр деген гана кеп…

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости