Укуктук жактан өзүңүздү текшерип көрүңүз. Кимисиники туура?

Укуктук жактан өзүңүздү текшерип көрүңүз. Кимисиники туура?

Юридикалык окуу жайлардын биринде мугалим студенттерге бир кемпирдин кошунасынын алма багы боюнча жазган арызын териштирип чыгууну сунуштады.

Арызда: Кемпир чарбагын бөлүп турган дубалдын түбүнө жоогазын гүлүн өстүрөт. Ал эми анын ары жагында кошунасынын алма багы бар. Алманын кээ бир салаңдап өскөн бутактарындагы бышкан мөмөлөр гүлдү талкалап жататканы жөнүндө жазылат.

Студенттердин ортосунда талкуу башталат. Айрымдары: "Алма кошунага тиешелүү болгондон кийин ал кемпирдин талкаланган ар бир жоогазындарын эсептеп келтирилген чыгымын төлөш керек. Алма бактын ээси болгондон кийин буга ал күнөөлүү. Анын алмалары мындан ары кемпирдин чарбагына түшпөгүдөй кылыш керек" — деп доомат коюшат.

Кээ бирлери: "Алма эгер кошуна кемпирдин чарбагы тарапта самсаалап өсүп турса, анда ал кемпирге таандык. Буга кемпир өзү камкордук кылышы керек. Жоогазындарды талкалабаш үчүн бышып калган алмаларды убагында үзүп алышы керек. Мындай учурда кошунасынын эч кандай күнөөсү жок. Кемпир мындай маселени ызы-чууга жеткирбеши керек" — деп эсептешет.

Талаш-тартыш далайга созулуп, студенттер бир пикирге келе алышпады. Акыры мугалимге кайрылып: "Кимибиздики туура?" деген суроону узатышты.

ПыСы: Кимиңер кандай ойлойсуңар, кимисиники туура, мугалимдин жообу кандай болушу мүмкүн? Жооп күтөбүз! Эгер сиздерге кызык болсо, вариантыңарды комментарийде калтыргыла. Кызыгууларды байкасак, туура жообун жарыялайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости