УКМК абактагы Сапар Исаковдун абалы тууралуу билдирди

УКМК абактагы Сапар Исаковдун абалы тууралуу билдирди

Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу ЖМКларга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эртең менен ал өзүн бир аз начар сезип турган, азыр абалы турукташып калды, дарыгердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга соттолуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу начарлаганы себеп болгонун анын адвокаттары «Азаттыкка» кабарлашкан.

Жактоочу Нурбек Токтакуновн билдиргендей, Исаков тамакка ууланганы айтылды:

«Абалы орточо оор. Бирок сотко катыша алчудай эмес. Мүмкүн, дүйшөмбү күнү катышат».

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат.

Буга чейин Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, ал 2019-жылдын август айында Улуттук госпиталга жатып чыкты. Адвокаттар мурдагы премьердин ден соолугу калыбына келбей жатканын айтышкан.

Эске сала кетсек, Бишкектин Свердлов райондук соту Сапар Исаковду мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратып, 3 жыл мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости