
Алмазбек Шаршеновичти бийликке алып келгендерди, эмне үчүн ал президент болгон соң бирден талкалаган:
- Роза Отунбаева — Убактылуу өкмөттүн төрайымы, 2016-жылы 31-августта жөн жерден президент Атамбаевден кагуу жеп, басып кеткен.
 - Алмазбек Атамбаев — Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, 2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын президенти.
 - Өмүрбек Текебаев — Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, жалаа менен камалып, учурда сот ишти кайрадан карап атат.
 - Азимбек Бекназаров — Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2011-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
 - Темир Сариев — Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2015-2016-жылдары премер-министр, өкмөт башынан кеткени Атамбаевге оппозицияда.
 - Болот Шерниязов — Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, ИИМ министри, ал мүчө болгон «Ата-Мекен» партиясы 2016-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
 - Эмилбек Каптагаев — Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттик аппарат жетекчиси, 2016-жылы Ысык-Көл губернаторунан кеткен соң Атамбаевге оппозицияда
 - Элмира Ибраимова — Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Эсеп палатасынын төрайыман кеткен соң 2016-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
 - Дүйшөн Чотонов — Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Текебаев менен бирге камалган.
 - Исмаил Исаков — Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2015-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
 - Кеңеш Дүйшөбаев — Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2011-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
 - Топчубек Тургуналиев — Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, түбөлүк оппозицияда.
 - Абдыганы Эркебаев — Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, «Ак Шумкар» партиясынын мүчөсү, «Ак Шумкар» 2016-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
 - Иса Өмүркулов — Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Атамбаевдин убагында Бишкекке мэр да болгон. 2016-жылдан бери парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg
 








