Түйшүктүү тергөө кызматынан өзүн тапкан Азиз Шаршенбаев

Түйшүктүү тергөө кызматынан өзүн тапкан Азиз Шаршенбаев

Ар бир кылмыш ишин кылдат тергеп, таразага салып талдап, жети турмак, жыйырма өлчөп бир кескен кызматты аркалап келе жаткан кесиптешибиз-бүгүнкү биздин төрүбүздүн коногу. Анда эмесе таанышып алыңыздар: Манас РИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын капитаны Шаршенбаев Азиз Абдрахманович.

Мезгил өткөн сайын бардык нерсе жаңыланып, адамдардын аң-сезими, көз карашы да ага жараша өзгөрүлүп турары турмуш чындыгы эмеспи. Айтайын дегенибиз мезгилдин өтүшү менен укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, кодекстердин жаңыланышы зарыл экени белгилүү болуп, бул багытта опол тоодой иштер аткарылып келе жатканын билебиз.

2019-жылдын 1-январынан тарта ишке кирген жаңы мыйзам, кодекстерди күнүмдүк иште колдоно билүү ички иштер органдарынын кызматкерлеринен абдан көп түйшүктү, аракетти, билимди талап кылды. Алгач бир топ түйшүк жаралганы менен учурда бул багытта кызматкерлер толук кандуу жана сапаттуу иш алып барууга көнүп калышты десек болот. Биз муну жер-жерлерде иш сапарда жүргөн кезде өз көзүбүз менен көрүп, кызматкерлердин өз оозунан угуп келебиз. Мына ушул вазийпаны алыскы Манас райондук ички иштер бөлүмүндө аркалап келе жаткан Тергөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны Азиз Шаршенбаев менен жолугушуп, анын өмүр жолу, кызматы тууралуу маек курганбыз.

КӨЗДӨН УЧКАН ОШОЛ АСКЕРДИК БИЛЕТ

Азиз Шаршенбаев өзү Манас атабыз жердеген касиеттүү Талас жергесинин кулуну. Мектепте окуп жүргөндө математика, тарых өңдүү сабактарга кызыгып, окуунун алдыңкысы болуп, ата-энесин кубандырып жүрчү экен. Бала кезинен эле милиция болууну, болгондо да тергөөчү болууну кыялданган Азиздин минтип кыялы орундалып, бир бөлүмдүн бакыйган жетекчиси. 1998-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, Бишкек шаарына келип КГУСТАга келип, транспорт факультетине окууга тапшырат. Эми окуюн деп турганда окуу жайдагы аскердик кафедра жоюлуп кетип, аскердик билет албай калат. Колунда диплому турганы менен аскердик билети жок милицияга кире албасын түшүнгөн биздин жигит, аскердик кызмат өтөөгө жөнөп кетет анан. Арадан бир жыл өтөт ошентип. Мекен алдында милдетин өтөп, жүзү жарык, колунда кыпкызыл аскердик билетин кармаган Азиз мырза Бишкектеги милициянын атайын орто мектебинен билим алган соң, 2005-жылы март айында Кара-Буура райондук күзөт бөлүмүнө кабыл алынат.

ЖЫЛ АЙЛАНБАЙ МЫКТЫ ТЕРГӨӨЧҮ АТАЛЫП…

…Менин эмгек жолумда кездешкен бир жетекчи кезинде минтип айткан эле: «Кызым, алгач форма кийгиң келет, форма кийгенден кийин жылдыз тагынгың келе баштайт…». Айтайын дегеним, Азиз Шаршенбаевдин эмгек жолунда да бул кыялдануу орун алып, арадан 3 жыл өткөн соң, ийнинде көптөн күткөн жылдыздары жаркырап, кенже лейтенант наамын алыптыр. Күзөт кызматында ийгиликтерге жетише баштаган кенже лейтенант балачактагы кыялын орундатып, эми тергөө тармагына өтүүнү ойлой баштайт. Тергөө тармагында иштөө үчүн сөзсүз түрдө юридикалык билими барлар кабыл алынары тууралуу министрдин буйругу чыгып калат. «Ошол замат билимимди тереңдетүүнү көздөп, 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым,-дейт Азиз ошол мезгил тууралуу,- 2014-жылы февраль айында окуумду ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылдын апрель айында өзүм эңсеген тергөө кызматына, Манас РИИБге которулдум…». 2015-жылдын ноябрь айында А.Шаршенбаев Кара-Буура РИИБге тергөөчү болуп которулат. Өзүнүн аракетчилдиги менен далай-далай кылмыш иштерин тергеп сотко ашырып, оозго алынат. «Аракет кылсаң-берекет» дегендей, 2016-жылдын жыйынтыгы менен Азиз Шаршенбаев облус боюнча «Жылдын мыкты тергөөчүсү» наамына арзыйт…

АР БИР ИШ ҮТҮР, ЧЕКИТИНЕ ЧЕЙИН ИЛИКТЕНЕТ

Жогоруда аталган кызматта милициянын капитаны А.Шаршенбаев 2017-жылдын сентябрь айынан бери кызмат өтөп келет. Бала кезинде детектив тасмаларды калтырбай көрүп, кылмыштардын бетинин ачылышы, иликтениши өзгөчө кызыктырган Азиз мырза бүгүнкү күнү өзү Манас районунун башкы тергөөчүсү, ар бир ишти таразага салып талдап, акты ак, караны кара деп келе жаткан адис. Криминалдык милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп келишерин айткан каарманым, кандай гана иш-чара болбосун, чогуу-чаран, ынтымак менен иш алып барышарын кошумчалады. «Ар бир жаран кандайдыр бир жардам издеп милицияга кайрылат. Мына ошол арызды үтүр, чекитине чейин иликтеп, күнөөлүү же күнөөсүз экенин далилдеп, ишти аягына чыгарганга аракет кылып келебиз. Айрым учурларда кимдир-бирөө ачуусу менен башка бирөөнүн үстүнөн жалган маалымат, арыз менен кайрылышы мүмкүн. Андайда тыкыр иликтеп, жагдайды ачыкка чыгарабыз. Адилеттик орноп, белгисиз нерсе ачыкка чыкканда гана өзүмдүн ишимди так аткарганымды сезип, канааттанам»,-деген милициянын капитаны басып өткөн эмгек жолунда кезиккен түрдүү кырдаалдардан айрым мисалдарды келтирип өттү. Мисалы, бир келин акчанын айынан күйөөсүнөн таяк жеп, таякесинин үйүнө кетет. Эртеси милицияга келип «таекем урду» деп арыз жазыптыр. Дагы бир киши аттан жыгылып, келип ооруканага жатып калат. Кечинде ооруканадан кетип калат да, аракка тоюп алып коңшусу менен чатакташа кетет. Эртеси кайра келип ооруканага жатып алат да, милицияга «коңшум сабады» деп арыз жазат. Бул учурлар жаңы мыйзам боюнча жорукка кирет, бирок, түзүлгөн жагдайды аныктап такташ олчойгон түйшүктү, аракетти, тактыкты талап кылары шексиз деңизчи, окурман…

ЖАШ ТЕРГӨӨЧҮЛӨР МЕНЕН ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮП…

Кеп арасында Азиз Абдрахманович экөөбүз тергөөнүн сырлары, тергөөчүлөрдөгү керектүү сапаттар тууралуу сүйлөшүп калдык. «Тергөөчү болуш үчүн жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, жети өлчөп, бир кескен, сабырдуу, билимдүү болуу ж.б. сапаттар керек, анткени ал жерде адам тагдыры чечилип жатат. Күнөөсүз адам күнөөлүүгө айланбаш керек. Ишти обьективдүү, ар тараптуу карап чечим чыгаруу зарыл»,-деди кесиби тууралуу ой бөлүшкөн каарманым. РИИБдин тергөөчүлөрү менен жоруктар боюнча иш алып барган ыйгарымдуу өкүлдөрү билим деңгээлдерин тереңдетүү максатында өз алдынча, райондун прокурору менен бирге атайын сабак-семинарларды өтүп турушарынан кабардар болдук. Кол алдында жалаң жаш тергөөчүлөр иштеп жатканын айткан А.Шаршенбаев, аларды окутуп-үйрөтүү жаатында колдо бар мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, тажрыйбасынан бөлүшүп келерин кошумчалады. «Кылым жаша, кылым оку» деген макалды жактырган каарманыбыз, ар качан алган билимди тереңдетип олтуруу зарыл экенин белгилеп кетти.

Ы.Сагымбаева

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости