Төрөлө элек жатып жанчылган “Кой-Таш Элдик Республикасы”

 Төрөлө элек жатып жанчылган “Кой-Таш Элдик Республикасы”

Кошоматчылардын берген бекер этине эсирген Кой-Таш резиденциясындагы Атамбаевди коргоочулар июлдун аягында Атамбаев Бельянинов аркылуу Владимир Путин менен жолугушуп келген соң, ойду-тоону сүйлөй башташат. Буларга бекер тамак берип, идеологиялык жетекчисине айланган Алмазбек Атамбаев таш менен курчанып алганы аз келгенсип “живой щитти” же бала-бакыра, кемпир-чалды курчанууга бел кылып алат. Жасакер төрөлөрү Ички иштер министрлигинин экс жетекчиси Улан Исраилов, экс-социалдык өнүгүү министри Кылыч Султанов, УКМКнын экс-жетекчиси Абдил Сегизбаевдер союштары менен келишип Атамбаевге колдоо көрсөткөн соң, Атамбаев оң колун бийик көтөрүп: “Кой-Таш Элдик Республикасын” түзөбүз” деп жар салат. Эмне себептен ал “Кой-Таш Элдик Республикасын” түзүүгө чакырган:

  1. 2004-жылы Украинадан бөлүнүп түзүлгөн “Донбасс Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасы” беш жыл бою согуштун очогу болуп келди. Эми бул согушту токтотуу үчүн эки тарап сүйлөшүүлөргө барып жатат. Минск келишими боюнча Норманд форматы менен тынчтык келишимин түзүшсө болот, андан тышкары Аланд форматы да бар. 2019-жылдын 29-октябрында Украина менен согушуп жаткан ДНР, ЛНР ракеталарынан ок атышып, тынчтык келишимине бет алышты. Ал эми августтун башында Атамбаев “Кой-Таш Элдик Республикасы” же КНР менен согушту көксөп турган.
  1. Орусиянын жазган маалыматтарына караганда АКШнын өкүлдөрү май айында башка себептер менен Кыргызстанга келишип өкмөттүк эмес уюмдарга Атамбаевдин Кой-Таштагы каршылыгына колдоо көрсөтүшүн талап кылышкан же “отко май себишкен”. АКШ өзүнүн жарандарына Бишкектин Түштүк жагына барууга тыюу салган Жарлыктарды чыгарышкан. Батыштын маалымат каражаттары кичинекей Кой-Таш окуясын даңазалап дүйнөгө алып чыгышкан.
  1. Кой-Ташта кошоматчы, азыркы бийликтен куулган, мансап десе мандаш токум отуруп алгандар толуп алган. Булар Алмазбек Атамбаев камалар менен ар кандай түрү суук көрсөтмөлөрдү беришип, Атамбаевдин “тирүүлөй” убалына калышты. Эгер чыныгы сот болуп Атамбаев менен беттештирсе ошол туура эмес көрсөтмөлөрдү бергендер эмне дээр экен?
  1. Кой-Таштагы өздөрү айтышкан “Кой-Таш Элдик Республикасы” Атамбаев жана алардын жандоочулары тарабынан союлган бодолорго бекер тоюшкан. Кээ бирөөлөр бекер тамак ичиш үчүн гана жүрүшкөн.
  1. “Кой-Таш Элдик Республикасынын” башкы максаты бийликти алмаштыруу болгону менен буттары тушалып калганын сезишкен жок. Атамбаев Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин айткандай эки элди чабыштырбай Орусияда эле тынч кала берсе, парламенттик шайлоодо партиясын күчтөп жарышка чыкмак. Эми анын партиясынын, аны колдогон “Кой-Таш Элдик Республикасынын” таш-талканы чыкты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости