Төрт айлык наристесин сабаган энеге кылмыш иши козголду

Төрт айлык наристесин сабаган энеге кылмыш иши козголду

Россиянын Тульск облусунда өзүнүн төрт айлык баласын сабап салган 28 жаштагы аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары билдирүүдө.

“Тульск облусунун тергөөчүлөрү тарабынан жергиликтүү тургунга кылмыш иши козголоду”,-деп айтылат маалыматта.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, аял баласынын башына бир нече жолу муштум менен урган. Учурда наристе ооруканада жатат. Аялдын баш коргоо чарасы каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости