Тойго бара жаткан автобус дарыяга кирип кетип, 20дан ашык адам каза болду

Тойго бара жаткан автобус дарыяга кирип кетип, 20дан ашык адам каза болду

Индияда үйлөнүү тойго конокторду алып бара жаткан автобус дарыяга кулап, 24 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда кырсык кечээ, 26-февраль күнү Индиянын Кота шаарында болгон. Анда Мей дарыясынын жээги менен келе жаткан 29 жүргүнчүсү бар автобустун дөңгөлөгү чыгып кетип, айдоочу унааны башкара албай дарыяга кирип кеткен. Жыйынтыгында кырсыктан 5 киши аман калса, калган адамдардын баардыгы каза болгон.

Аман калган 5 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости