Телефон үчүн киши жарандык аялын өрттөп салган

Телефон үчүн киши жарандык аялын өрттөп салган

Россиянын Пермск крайынын тургуну бир жыл төрт айга эркинен ажыратылды. Ал телефон үчүн чоогу жашаган аялды өрттөгөн. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, окуя 2019-жылы август айында болгон. Жабырлануучу менен айыпталуучу таныштарынын үйүндө конокто болчу. Конокто отурганда аял кишинин телефонун сындырып алып, экөөнүн ортосунда чыр чыгып кеткен.

Жини келген киши эритүүчү суюктуктун бөтөлкөсүн алып, аялдын үстүнө куюп, өрттөп салган. Жабырлануучунун чачы менен кийими күйүп баштаганда, киши ээсине келип колу жана суу менен өрттү өчүрөгөн. Натыйжада аял ар кандай күйүк жаракатын алган.

Кишиге карата кылмыш иши козголгон. Сот тарабынан ал күнөөлү деп табылган. Кишиге чыккан өкүм азырынча мыйзам күчүнө кире элек.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости