Тазабек Икрамовго окшогон Аттилла менен Акеланын айырмасын билбеген депутаттар да бар

Тазабек Икрамовго окшогон Аттилла менен Акеланын айырмасын билбеген депутаттар да бар

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Марал радиосунда маек берип жатып, кайрадан сөзүнөн жаңылган. Анда журналист «гомосексуализм» сөзүн айта албай, “Гомосеку…сексуалю… гомес” деп мукактанган сөзүнө басым жасап, коомчулуктун талкуусуна жем болгон жаңылыштыгын жана ошол абалдан кантип чыккандыгын тууралуу суроо узаткан.

Эл өкүлү мультфильмдеги каармандын атын туура эмес айтып, кайрадан эл оозуна алынды. Чынын айтсак ошол убакта деле ага эч кандай маани берген эмеспиз. Жанагы “Мауглиде” бар го “Аттила (мультфильмдеги чыныгы каармандын аты Акела) чалынып калды же жыгылып калды” деп шакалдар кыйкырып жүрө берет го, ошондой эле кабыл алдым. Себеби, мен уяттуу нерсе кылган жокмун да, же бир жерде мас болуп, же аянтка жылаңач чыгып алсам, уялсам болот эле”, – деп жооп берген депутат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости