СҮРӨТ+ВИДЕО – Мүрзө эстеликтеринен пол салган соода үйү талкууда

СҮРӨТ+ВИДЕО – Мүрзө эстеликтеринен пол салган соода үйү талкууда

Кесилген таштардан куралган мозаикалык пол. Анын айрым жерлеринде адамдардын ташка чегилген сүрөттөрү байкалат. Бул көрүнүш, капиталдык оңдоосу жаңы бүтүп, ишке кирген «Алем» соода үйүнө таандык. Муну байкап калган жергиликтүүлөрдүн бири, аны социалдык түйүндөргө таратып, “мүрзө таштары” деген бүтүм чыгарган.

Маалыматта, аталган соода үйү Казакстандын чыгышында, тагырагы Уст-Каменогорск облусунда жайгашкандыгы айтылат. Соода борборунун жетекчилиги муну оңдоо ишин жүргүзгөн аткаруучуларга шылтап жатышат. Алардын билдиргендерине караганда, керектүүнүн баарысын ошол курулуш компаниясы сатып алып турган. Андыктан бул фактыны оңдоо иштери бүтүп, тазалоо иштери жүрүп жатканда, кеч билишкен. Анткен менен аны кайрадан алмаштырууну ойлонушкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости