Өзбекстанга өтүп жаткан фураларды текшерүүгө президенттин эжеси тыюу салган

Өзбекстанга өтүп жаткан фураларды текшерүүгө президенттин эжеси тыюу салган

Борбор Азияда бир караандар жүрөт. Өзбекстанга өтүп бараткан жана кайра келаткан автомобилдер “текшерүүгө тыюу салынган” деген президенттин эжеси Гүлнабат Довлетова кол койгон белгини тагып алып жүрүшөт. Бул кол койгон белгиде президенттин эжеси жетектеген Кызыл Жарым ай Улуттук коомунун мөөрү басылып турат. Арийне, бул фуралардын бул коомго тиешеси жок экенин маалыматтарда айтылып жатат. Төрт оор жүк тарткан автомобилдер Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосунда түркмөнстандык “Фараб-автожол” жана өзбекстандык “Алат-автожол” чек ара постторун кесип дайыма каттап турат.

Түркмөнстандык Улуттук Коопсуздук министрлигине бул унаалар эмнелерди ташып жатканы табышмак бойдон. Бул белгисиздикке сүңгүп кирген Улуттук Коопсуздук министрлигинин офицерлери Түркмөнстанга кирген соң бул машиналарды полициялар коштоп алат. Түркмөнстандык бажычылардын айтымында түркмөнстандык Улуттук Коопсуздук министрлигинин атайын өкүлдөрү “Фараб-автожол” чек ара пунктунан өткөн ар бир унааны кылдаат текшериши керек. Арийне, бул автомашиналарга алар жолоп да коюшпайт. Бир жаңы бажычы буларды текшерип көрүүнү чечти эле, кызматынан төмөндөп башка жакка кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости