Окуучу кыз сабак учурунда каза болуп калды

Окуучу кыз сабак учурунда каза болуп калды

Россиянын Калининград облусунун Зеленоград шаарынын мектептердин биринде окуучу кыз өзүн жаман сезип каза болуп калды. Бул тууралуу ТАСС агентиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Зеленоград шаарындагы мектептердин биринде окуучу кыз өзүн жаман сезип, натыйжада каза болуп калды. Жеринде тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөөчүлөр мектептин кызматкерлерин суракка алып, эмне болгонун териштирүүдө.

“Пятый каналдын” маалыматы боюнча, кыз тыныгуу учурунда өзүн жаман сезген. Аны доктурга алып барышкан жана бир нече мүнөттөн кийин эле “Тез жардам” кызматы келген. Бирок, доктурлардын аракетине карабастан кызды сактап кала алышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости