Мырзакматов Атамбаевдин үстүнөн жеңишке качан жетет?

Мырзакматов Атамбаевдин үстүнөн жеңишке качан жетет?

Мырзакматов Атамбаев күрөшү 2010-жылы башталып, ит жыгылыш менен уланып турган. Атамбаев 2014-жылдын 15-январында А.Карашев, Т.Сарпашев сыяктуу “чокморлору” менен Мырзакматовду Оштун мэринен сүрүп чыккан соң, Аида Салянова башында турган Башкы прокуратура Атамбаевдин айдактоосу боюнча 2014-жылдын ноябрында Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун үстүнөн бир нече беренелер боюнча кылмыш иштерин козгошкон. Бул кылмыш ишин козгоого себеп болгон Ош шаарынын эстакадалык көпүрөсү болгон. Муну кийинки мэр Кадырбаев жарытып деле бүтүргөн эмес. Эл үчүн курула баштаган көпүрөнү шылтоо кылышып, мамлекеттик бюджеттен 29 миллион сом пайдасыз иштерге жумшалган деген, жоктон жалганды чын кылышып, Мырзакматовду 2014-жылдын 27-ноябрында иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен КРнын Кылымиыш-Жаза Кодексинин 304 беренеси менен кызматтык абалын туура эмес колдонгон деген айып тагып, ушул эле күнү камакка алыныш үчүн Мырзакматовго издөө салынган.

Атамбаевге бул күрөш жеңил көрүнүп, Ош шаардык соту тарабынан 2015-жылдын 22-июлунда УККнын 304 беренесинин негизинде 7 жыл сыртынан катуу тартиптеги колонияга эркинен ажыратып, үй-мүлкүнүн бары конфискациялансын деген өкүм чыгартырат. Атамбаевдин айтканын эки эсе мыктап аткарышкан Ош облустук соту 2015-жылдын 17-августунда бул өкүмдү эч өзгөртүүсүз калтырат.

“Улуттар Биримдиги” партиясынан парламент депутаты Искендер Гайпкулов менен Мырзакматовду колдогондор тобу Жогоку Сотко кассациялык даттануулар менен кайрылышкан. Жогорку Кеңештин сайтынын айтуусунда Мырзакматовду колдоочулар тобу Ош областтык жана Ош шаардык соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, бул жерде кылмыш иши болбогондуктан адилеттүүлүккө келип актай турган өкүм чыгарып беришин талап кылышууда. Жогорку Соттун жыйыны бул кассациялык даттануулардан кескин жыйынтык чыгара алышпай, улам кийинки жыйынга калтырып келишет. Эгер Жогорку Сот тарабынан адилеттүү чечим кабыл алына турган болсо, Мелис Мырзакматовго канча жылдан бери Атамбаев тарабынан жалган кылмыштар козголгону мыйзам жүзүндө аныкталмак.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости