Мусулмандардын адал тамагы Японияда өтүүчү Олимпианын менюсуна кирет

Мусулмандардын адал тамагы Японияда өтүүчү Олимпианын менюсуна кирет

Япондор 2020-жылы боло турган жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда мусулмандар үчүн адал (халал) менюну кийире турган болушту. Бул тууралуу The Japan News жарыялап чыкты.

Муну менен бирге жергиликтүү ресторан кармоочулар тамак-аштын улуттук колоритте болушунан баш тартышпайт. Япон басылмаларынын билдиргенине караганда, алар тамак-аштарынын бир бөлүгүн мусулмандар тамактана турган азык-түлүктөр менен алмаштырат. Буларды жасоону үйрөнүү үчүн шеф-ашпозчуларды окутуу сентябрь айынан башталган. Ушуларды даярдоо үчүн халалдын талабы боюнча сырттан тооктун эти менен уйдун эти алынып келинген.

Андан тышкары тамак даярдоочулар сакэ, уксус жана миринден эмес, алкоголь кошулган өзгөчө рецепт боюнча соус даярдай башташты. Япондук халал ассоциациясынын директорунун өкүлү «ФедералПресске» «Азыркы меймандостуктун башкы маселеси, коноктордун тамак-ашты тандоосу көп, өз каалоосу менен болуш керек» -дейт.

Эске салсак, Жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын талисманы чыгып «Мирайтова» жана «Сомэйти» деген расмий наам алышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости