Мунапысты кимдер алышы керек?

Мунапысты кимдер алышы керек?

Жогорку Кеӊеш жыйынында “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамды колдонууга киргизүү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Искендер Матраимов мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ыкчам издөө иштери боюнча “КР Жазык кодексине, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, КР Жазык-процесстик кодексине, КР Жазык-аткаруу кодексине, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамды колдонууга киргизүү тууралуу” мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам жоболорун тактоо максатында иштелип чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости