Митингде милиция таш жеп, мародерчулар аш жеп, чындыгы алар жок болсо куурап калат экенбиз

Митингде милиция таш жеп, мародерчулар аш жеп, чындыгы алар жок болсо куурап калат экенбиз

Милициялардын баркы бийлик алмашканда келет экен. 2005-жылы 24-мартта, 2010-жылы 7-апрелде милицияны фонарик менен издеп таппай калып, мародерчулукка жол бердик. Кашкар Жунушалиев — 2018-жылдан баштап… Мактасак жаман көргөндөр толтура, жамандасак жаман көргөндөр толтура, ошол үчүн…

Улан Исраилов – 2016-2018, Атамбаевге жансакчы болуп жүрүп министрликке жеткен. ИИМ министринен кеткен соң 2019-жылы августта Кой-Ташта өчүп бараткан чөпкө от ыргытып, ал жердеги тамак аңдыгандарга бука союп бергенден башка көрүнүктүү деле иш кылган жок.

Кашкар Жунушалиев — 2016-жылы бир аз турду.

Мелис Турганбаев — (2014-2016), Атамбаев менен Текебаев дегенде арсалаңдап бийлеп берип турчу, эми түрмөнү жетектеп кимге бийлеп жатканы белгисиз.

Абдылда Суранчиев — (2012 – 2014), Бул министрди «дудукка» айлантып, Атамбаев үстүнөн «тон бычып» калган.

Шамиль Атаханов — (2012-жылы), Аны мазактап ары-бери калчап, көрүнгөн кызматты берип жүрүп, Азиз Батукаев менен кошо жоготкон.

Зарылбек Рысалиев — (2010 — 2012), Атамбаевдин «любимчик» министри, ал оңду сүйлөсө, оңду карап сүйлөп, солду караса, солду карап сүйлөп жүрүп «борттон» ары ыргытылган.

Кубат Байболов — (2010-жылы), Эң оор кырдаалдарда ИИМди жетектеген. Ал Ош коогалаңы башталып калган 12-июнь күнү УКМКга «зам» болуп, Жалал-Абадга комендант катары жөнөтүлгөн. Андан соң ИИМ толугу менен ага жүктөлгөн.

Болот Шерниязов — (2010-жылы), Таласта элдик көтөрүлүштүн башында турган. Бийлик анын башына кап кийгизип келип, УКМКнын СИЗОсуна камаган. Учурунда генералдык чоң наамдан баш тарткан биринчи кыргыз!

Молдомуса Конгантиев — (2008-январь -2010-апрель); Таласка оппозициянын митингин басуу үчүн барып, талас элинин «кол эмгекчилигин» ааламга тааныткан.

Болотбек Ногойбаев — (2007 -2008); 2007-жылы апрелде элдин демин басып, той берген өкмөт башчысы Атамбаевдин министри. «Мясокомбинатка» «козелдорду» ээрчип бараткан оппозициянын ойронун чыгарып, өзү да жок болгон. Экс -министрлердин ичинен бу дүйнөдөн эрте кеткени.

Өмүрбек Суваналиев — (2006-2007)

Мурат Суталинов — (2005 -2006); Акаевдин бир күндүк Башкы прокурору, Бакиевдин ИИМ министри 2006-жылы ноябрда билегинин «уятсыздыгын» салмактап, КГБга кеткен.

Бакирдин Субанбеков — (2002-2005), Кара-Балта шаарынын пивзаводун министрлигине таянып «приватташтырып», Кытайдын «Жунда» мунай кайра иштетүү заводуна 3 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Кытайлыктар муну угуп шок болушканы менен Субанбеков өз сөзүнө бекем турган. 6 чакырылыштагы депутат.

Темирбек Акматалиев — Акаевдин кеминдик иниси экономист «бухарик» тоюс, «Бухарин» Темикең «ИИМди экономисттин көз карашы менен кароо үчүн» баргандай.

Абды Суталинов – Мурат Суталиновдун атасы катары тарыхта калды…

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости