Миллион сомдук айлыктан 43 миң сомдук вице-премьердин айлыгына Асрандиевди зордук менен алып келиштиби?

Миллион сомдук айлыктан 43 миң сомдук вице-премьердин айлыгына Асрандиевди зордук менен алып келиштиби?

Айына миллион сом алган адам кантип вице-премьердин 43 миң сомдук жарыбаган айлыгына келсин. Бул өзү жомок. Дагы бир кыргыз эли үчүн жомок ушундай заманда Эркин Асрандиев сыяктуу миллион сом алгандар да барбы? Абылгазиевдин жакын туугандары үчүн мындай акчалар кеппи. Алар 10 миң евро, миллион сомдук орундарда иштеп жатканын дудуктан башкасы билет. Бул тууралуу маалымат беттеринде кенен жазылып келатат. Ошол эле премьер-министр Абылгазиев: “Бабанов элге 25 миң сомго орточо айлыкты көбөйтөм дептир. Мен орточо айлыкты 26 миң сомго көтөрдүм” деп дардаңдап жатат. Абылгазиев канчага айлыкты көтөргөнүн ким билет, бирок 5 миң сом айлыкты бир айга чоюп жеткизип жашап жаткандарды көргөндө, элдин бары Абылгазиевдин туугандарына окшоп миллион сомдон айлык алсак, Кыргызстанда жашоо жакшы болот эле деп үшкүрүнүшөт. Миллион сомду койолу инфляцияга карап Абылгазиев өзү айтып жаткан 26 миң сомго айлыктарды көтөрүп койсо.

Эркин Асрандиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун 2017-жылдан бери Атамбаевдин амири менен башкарат. Колу ачык, март Эркин Асрандиев 2016-жылдан баштап Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун кайсап келатат. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду соодага эмес, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн аркет кылыш керек. Бирок,Атамбаевдик май-талканга ээ болгон Эркин Асрандиев мыйзам боюнча тыюу салынган соода-сатыкка да акчаларды бөлүп жиберет. Бир гана мисалды айтсак ал 2017-жылы Өмүрбек Бабанов соода-сатыкты өркүндөтүш үчүн “Азиямолл” супермаркетине 17 миллион долларды берип жиберген. Бабанов мунун теңин президенттикке талапкер катары атаандаштары Сооронбай Жээнбеков,Темир Сариевди басынтуу үчүн коромжулаган.

Эркин Асрандиев канча айлык ала турганын айтсак азыр вице-премьер катары ала турган 43 миң сомдон он эсе жогору официалдуу айлыгы болгон. Андан тышкары “премиальный”, “подьемный”, разряд, категория жана башкаларды, анын үстүнө “шабашкаларын” кошкондо миллион сомго сүрүп бара турган. Миллион сомдук сомдук айлыктан 43 миң сомдук вице-премьердин айлыгына Асрандиевди зордук менен алып келишпесе өзү келмек беле?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айлыгы жыйырма эсе азайган Эркин Асрандиевди кантип вице-премьерликке көндүргөнүн айтты. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден вице-премьерликке талапкерлиги сунушталып жаткан Эркин Асрандиевди кантип ынандырганына кызыккан. Эл өкүлүнүн айтымында, жаңы кызматка келгенден кийин Асрандиевдин айлыгы 20 эсе кыскарат. Бул суроого жооп берип жатып Абылгазиев акча маанилүү ролду ойнобой турганын билдирди:

«Сүйлөшүү жолу менен эле ынандырдык. Өзүнүн да мекенге, мамлекетке кызмат кылайын деген тилеги бар экен. Мындай маселеде айлык маанилүү ролду ойнобойт деп ойлойм», — деди Абылгазиев. Миллиондор менен ойноп жүргөн Абылгазиевке акча анчалык деле маанини ойнобосо керек.

Асрандиев жетектеген Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2020-жылы $ 100 млн. долларлык насыя келишимин түзүүнү пландаштырган.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы

катары ал, Бишкек шаарында өткөн брифингде «Бул долбоор чоң проекттерди жана чакан жана орто ишканаларды биргелешкен банктардын жардамы аркылуу каржылоону камтыйт «-деген.

2019-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан насыялоо $ 42,4 млн. долларга жеткен. Бул сумма фонддун тарыхында эң кичине сумма болуп саналат.

Фонд башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев, бул жагдайды 2019-жылкы бизнес-чөйрөсүндөгү иш активдүүлүгүнүн төмөнкү деңгээлде болушу менен түшүндүргөн. Жалпысынан 55 долбоор бекитилип. Асрандиевдин айтымында, фонд $ 100 млн.доллар суммада каржылоого жетишүүсүн төмөнкүчө түшүндүргөн: “Мындай көрсөткүч 2019-жылдагы биздин күч-аракеттерибиздин натыйжасы болуп саналат. Буга чейинки долбоорлордун 60-70% пайызы ишке ашырууга мүмкүндүк бар. Долбоорго кабыл алуу жыл бою уланат»-деген ал өз сөзүндө.

Асрандиев баса белгилегендей, каражат көбүнчө өндүрүш тармагына сарпталмак, бирок Бабановдун “Азиямоллуна” кеткен 17 миллион доллар сыяктуу соода-сатыкка деле кетип Асрандиевдин капчыгын кампайтып турган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg
Назар Новости