Машкевич Батукаевди чыгарып алуу үчүн бийликке жуучу түшкөн

Машкевич Батукаевди чыгарып алуу үчүн бийликке жуучу түшкөн

Штирлиц радистка кызы Катяга айткандай «Көңүлү жок аялдын, код бергени курусун». Ошондуктан, мен да бул жигитке кыялымды көрсөтүп, кабагымды бүркөп отурдум. Кана үкабыз тааныштырды. Аты Машкевич экен. Бул еврей учурунда Батукаевди чыгарып алуу үчүн бийликке жуучу түшкөн. Канча дипломат акча сунуштаганын билбейм. Бирок Бакиевдин бийлиги Батукаевди чыгарууга таптакыр каршы болуп койгон. Менин эң негизги колдоочум ушул Машкевич болчудай болуп калды. Калган эркектерди акылга салып мурдунан жетелеп алса болот. Машкевичтин акылына акылым жетчүдөй эмес. Айран-таң калып менден да акылдуу адам бар экен деп буркурап ыйлап алдым. Аны онояк менен оңколошконун айтып кыргыздардан сүрүп чыктым эле Нур-Султанга барып, миллиардер болуп, Токаевди эбак баса жыгылыптыр.

Даана шорлото турган жигитибиз Машкевич, ал «Мерседестин» баранкасын бургандай эле 30 процент «доляга» отуруп, мамлекеттин баранкасын башкарып жүргөндөргө «ГАИшник» болуп, жүрүштөрүн регулировкалап турат. Макс го президенттин уулу болчу мейли байыса байысын, мейли ооруса оорусун, буга эмне жок? Мен элди башкарып турганда мага ээ кылбай Таможнядагы КАМАЗдарды ашыналарга өткөзүп «долясын» өзү көздөп турду. Мен ыйлап АШАга айтсам, «Ишиң болбосун» -деп койгон, буркурап ыйлап гезиттерге еврейлер мага баш ийбей калышты деп жазганым чын.

Мен ар ким менен баш кошуп фракция жетекчиси болуп турганым ой-да кызык эле, бирок Жыргалбек Турускулов деген мергенчи келип, фракция жетекчилигин тартып алса, Мирлан Жээнчороев «Республика» партиясын алды. Мен эми саясаттан кеттим, кайыр кош!!!

Күрт жээнинен күртүлдөмө

6 сериал, (Бабусянын күндөлүгүнөн);

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости