“Лексус” унаасы үчүн полицияга пара сунуштаган кыргыз жараны камакка алынды

“Лексус” унаасы үчүн полицияга пара сунуштаган кыргыз жараны камакка алынды

Россияда издөөдө жүргөн “Лексуз” үлгүсүндөгү автоунааны кыргыз жараны башкарып бара жаткан жеринен кармалып, полиция кызматкерине пара сунуштаган жеринен колго түшүрүлдү. Бул туурасында орус басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Россиянын Оренбург облусунда 34 жаштагы Бишкектин тургуну полиция кызматкерлерине пара берди деген айып менен колго түшүрүлгөн. Себеби, кыргыз жараны издөөгө салынган “Лексуз” автоунаасын Россия аркылуу Казакстанга алып өтүүгө аракет кылып, полиция кызматкерине 100 миң рубль пара сунуштаган. Бирок, ал кызматкер акчадан баш тартып, кесиптешине кабарлаган соң, колго түшүрүлгөн.

Жыйынтыгында кылмыш иши аныкталып, айыпталуучу камакка алынган. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости