Кытайлыктарды көкөлөтүп 50 миң беткап жөнөткөн олигарх Салымбековдун кыргыз элине эмдөөсү тийеби?

Кытайлыктарды көкөлөтүп 50 миң беткап жөнөткөн олигарх Салымбековдун кыргыз элине эмдөөсү тийеби?

Аскар Салымбеков жөн гана олигарх эмес, кумурсканын буту сынып калса да саресеп салган, митаамырак олигарх. Кыргыз элинде онкологиялык рак оорулар, күч алып улам жашарып баратат. Аскар Салымбековдун иши эмне, аларга көмөк көрсөтмөк түгүл, ичинен “өлсө өлүп кетсин” деп сөгөт. Кыргыз элинин каймактарынын барын калпып алып байыган Салымбеков үч миллион кыргыз элине тырмактай да жардам бергиси келбейт, чиркин! Ал эми миллиарддан ашуун чүрчүттөрдө алар атайын чыгарып жайып жатышкан коронавирус деген дарт пайда болду, Салымбеков аны түшүнбөй акчасын самандай сапырып, кыргыз эли кара жерге кирсин деп, эл тагынып сактана турган 50 миң беткабын сатып алып Бээжинге берип жатат. Мунун себеби эмне:

Биринчиден, азыр дүйнөнүн, бардык бийликтин назары Кытайга бурулуп жатат. Ошондуктан, бийликтегилер Салымбеков кайрымдуу олигарх экен деп ойлосун деп жагымпоздук кылып жатат;

Экинчиден, бийликтегилерди көргөндө олигарх Салымбеков чөгөлөп отуруп алып бутун жалагысы келет. Муну Кытайга Үзөңгү-Куушту берерде эле бийлик түшүнгөн, Акаевдин кошоматчылары Салымбековду желкеге чаап, бөйтөңдөтүп Үзөңгү-Куушту Кытайга берсек кыргыз эли жыргайт деп жаздырышкан. Салымбековго эмне Акаев тарап жаз десе жазып берет да;

Үчүнчүдөн, олигарх Салымбеков олигарх маркум Табылды Эгембердиевке жашынып алып, Кытайда “Шоро” фирмасын ачуу үчүн ишкана курушкан. Ал эмес Табылды Эгембердиев маалымат каражаттарына бул ишкана бүтсө, Салымбеков экөөбүз мульти-миллиардер болуп, акчаны суудай күргүштөтөөбүз, “Шорону” бир доллардан сатсак эле, күнүгө миллиард кытай бирден алса эле миллиард доллар капчыкка түшөт деп мактанып жиберген. Кытайлыктар ишкананы салдырышып, сатууга келгенде Салымбековдорду көчүккө тээп кууп чыккан. Балким ошол курган ишканасынын акысын ала албай жүргөндүр. Эми 50 миң беткап берип, эмгек акысын өндүрүп алар.

Кошоматчы меценат Аскар Салымбековдун айткандарынан

“Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков: “Акыркы убактарда биз, бардык дүйнө жүзүндөгү адамзаты, Кытайда болуп жаткан коркунучтуу илдеттин кулачын кең жайып, алаамат вирустан жабыркаган адамдардын саны күн санап өсүп жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул көрүнүш башка Кыргызстандык жарандардай эле менин да тынчымды алып, кошуна мамиледе болуп келген коңшу кытай элинин башына түшкөн зор сыноону бирдиктүү чаралар менен жеңүү зарыл деген тыянактамын.

Бүгүн, биздин коңшу кытай элинин башына оор, кырдаал иш түшүп турганда, ар кандай туңгуюк ушактарга жол бербей, бүтүндүктү, достук мамилени көрсөтүү менен, сабырдуулукка чакырабыз.

Дордой Ассоциациясы кытай элине жардам берүү жана колдоо максатында 50 000 миң маска алып, ӨКМ тапшыруу чечимин кабыл алды.

Бул илдетке чалдыккандардын бардыгына тезирээк оорудан арылып, сакаюу менен бирге, бекем ден-соолук каалайбыз!” деп бийлик тарапка жагынгысы келгени менен социалдык тармактарда ишкер Салымбековдун Кытайга жардам берүү ниетин сындагандар көп. Алар Кыргызстандын өзүндө медициналык беткап жетишпей жатканын айтып жатышат. Кытайга мындай жардам бергиче, Кыргызстандагы муктаждарга жардам берсе болмок деген пикирлер жаралууда. Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдагы вируска байланыштуу абалды жөнгө салыш үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин маалымдаган.

Өкмөт жардам берип жатса, Үзөңгү-Куушту үзүп берген Аскар Салымбеков кур калмак беле? Салымбековго тиш салып жүргөн Камчыбек Жолдошбековду далыга чаап, куйтулар үчүн күрөшүп жатканын баса белгилеп кетсе болот. Камчыбек Жолдошбеков жалгыз күрөшпөй артында мураскорлорун даярдай кетер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg
Назар Новости