Курсан Асановдун адвокаты Атамбаевди сотко чакырууну өтүндү

Курсан Асановдун адвокаты Атамбаевди сотко чакырууну өтүндү

Бүгүн, 28-феврлада Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча соттук иш уланды.

Анын жүрүшүндө Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келип суракка алууну өтүндү. Адвокат буга иштин материалдарында Атамбаевдин көрсөтмөсү камтылганын буга себеп катары көрсөттү. Судья Адылбек Эсенбаев бул өтүнүчтү ачык калтырды. Кийинки отурум 17-мартка белгиленди.

Отурумдан кийин Курсан Асанов журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда тергөө Ички иштер министрлигинин кызыкчылыгы менен жүргүзүлгөнүн жана өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин билдирди.

Эске сала кетсек, Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости