Коронавируска байланыштуу Сеул-Ташкент каттамындагы учак 27-февраль күнү кайра артка кайтты. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов билдирди

Коронавируска байланыштуу Сеул-Ташкент каттамындагы учак жолдон кайра артка кайтты

Содержание
  1. Коронавируска байланыштуу Сеул-Ташкент каттамындагы учак 27-февраль күнү кайра артка кайтты. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов билдирди.
  2. Маалыматка караганда, Сеул-Ташкент багыты боюнча учуп келаткан учактагы жүргүнчүлөрдүн бир өзүн жаман сезгендиктен, учак жолдон кайра Түштүк Кореяга кайткан. Ал жактан аны тез жардам кызматы тосуп алып, ооруканага жеткирген.
  3. Учак кайрадан жүргүнчүлөрү менен Ташкентти көздөй бет алып, аэропортко конгондо гана тез жардам алып кеткен адам коронавируска шектелип жатканы маалымдалган. Ошондон улам аэропорттон учактын жүргүнчүлөрүн радар менен текшерүүгө туура келген. Бирок, аэропортто изалятордук бөлмө жок болгондугуна байланыштуу ызы чуу чыккан.
  4. “Аэропортто атайын изоляциялык бөлмөлөр жок болгондуктан, учурда алар аэропорттогу залдардын биринде башкалардан обочо кармалууда”, -деп билдирди Шадманов.
  5. Министрдин айтымында, буга чейин дагы 23-февралда Кытайдан келген жүргүнчү өзүн жаман сезип жаткандыгына карабастан Ташкент аэропортунан эч кандай тоскоолдуксуз Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Андан соң жашаган жериндеги бейтапканага кайрылган.

Коронавируска байланыштуу Сеул-Ташкент каттамындагы учак 27-февраль күнү кайра артка кайтты. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов билдирди.

Маалыматка караганда, Сеул-Ташкент багыты боюнча учуп келаткан учактагы жүргүнчүлөрдүн бир өзүн жаман сезгендиктен, учак жолдон кайра Түштүк Кореяга кайткан. Ал жактан аны тез жардам кызматы тосуп алып, ооруканага жеткирген.

Учак кайрадан жүргүнчүлөрү менен Ташкентти көздөй бет алып, аэропортко конгондо гана тез жардам алып кеткен адам коронавируска шектелип жатканы маалымдалган. Ошондон улам аэропорттон учактын жүргүнчүлөрүн радар менен текшерүүгө туура келген. Бирок, аэропортто изалятордук бөлмө жок болгондугуна байланыштуу ызы чуу чыккан.

“Аэропортто атайын изоляциялык бөлмөлөр жок болгондуктан, учурда алар аэропорттогу залдардын биринде башкалардан обочо кармалууда”, -деп билдирди Шадманов.

Министрдин айтымында, буга чейин дагы 23-февралда Кытайдан келген жүргүнчү өзүн жаман сезип жаткандыгына карабастан Ташкент аэропортунан эч кандай тоскоолдуксуз Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Андан соң жашаган жериндеги бейтапканага кайрылган.

“Дарыгерлер андан бир нече жолу анализ алып, кайра-кайра текшеришкен. Жыйынтыгында анын коронавирус жуктурбаганы аныкталды. Бирок, бул учур биздин аэропорттогу жетишсиздиктерди көрсөтүп койду. Анда текшерүүдөн өтүү эрежелери сакталган эмес”, — деп Алишер Шадманов кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости