Кашкар Жунушалиев ИИМдин Коомдук кеңешинин ишине ыраазычылыгын билдирди

Кашкар Жунушалиев ИИМдин Коомдук кеңешинин ишине ыраазычылыгын билдирди

Бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев салтанаттуу түрдө узак убакыттан бери коомдук иштер менен алектенгендерге ыраазычылыгын билдирип, 2020-жылы бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоо менен чоң жетишкендиктерге жете тургандыктарын билдирди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин башчысы, Коомдук кеңеш укуктук тартип чөйрөсүндө биздин республиканын калкынын кызыкчылыктарын жеткирүүчү байланыш экендигин белгиледи.

Ал Кыргызстандын милициясынын ишинин сапатын жана натыйжалуулугун изилдөөдө, ошондой эле жарандар менен туруктуу байланышууну камсыздайт.

“Коомдук кеңеш 2019-жылы алгылыктуу иштерди аткарды, аны элдин бизге болгон ишениминин индексинин өсүүсү тастыктап жаткандыгын белгилеп кетким келет. Бул үчүн аларга чоң ыраазычылыгымды билдиремин. Коомдук кеңеш жарандардын көз алдында милиция кызматкеринин жагымдуу образын калыптандырууда зор салымын кошуп, бири-бирин түшүнүү жана ишеним көрсөтүү принциптеринде тартип сакчылары менен коомдук ортосундагы мамилени түзүүгө жардам берет.”, — деп Кашкар Жунушалиев билдирди.

Андан соң, өз отчеттук баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов чыгып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши 2019-жылы 15 жыйын, Бишкек шаарында болсо 10 жыйын, 5 көчмө жыйын өткөрдү. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши 100 ашык сунуштамаларды берип, бүгүнкү күнү алардын 90 % ишке ашып жаткандыгын маалымдады.

Андан соң, ачык добуш берүү менен Кеңештин төрагасын, орун басарларын, катчыларын шайлашты.

Кеңештин баардык мүчөлөрү төрагалыкка Ялкун Даутовдун талапкерлигин жактышырып, төрага катары ал мыкты жыйынтыктарды көрсөткөндүгүн кошумчалашты. Ошондой эле, Коомдук кеңештин курамы өз орундарында калтырылды.

Кеңештин төрагасынын орун басарлары катары Каана Айдаркул (И. Арабаев атындагы КМУнун профессору), Касмамбетова Чинара (“Жол коопсуздугу» коомдук уюму, директор) шайланды. Кеңештин катчысы болуп, Семембаева Айгуль (Кыргыз Республикасынын Соода-сатык палатасына караштуу Эл аралык сотунун арбитри) бекитилди.

Кеңештин мүчөлөрү:

-Алыбаев Таалайбек (“Мыйзамдуулук жана адилетүүлүк” Коррупцияга каршы комиссия коомдук уюму”);
-Байгубатова Уулкан (Солдаттардын энелери республикалык комитетинин төрайымы);
-Бардыбаев Айбек («Ала-ТВ» ЖЧКнын юристи);
-Бианки Маралбу («Мекен Шейиттери» коомдук уюмунун төрайымы);
-Зеличенко Александр (“Баңгисаясаты боюнча Борбор Азиядагы борбору” коомдук фондунун директору);
-Кочкарова Эристина (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КМЮАнын Илимий ишмердүүлүктү уюштуруу жана инновациялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары );
-Мурат Шамиль (юрист);
-Фудашкин Виталий («Глобалдуу изилдөөлөрдүн эл аралык институту” коомдук уюмунун президенти);
-Эратов Искендер (КОСУнун ага окутуучусу)

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости