Ирандын вице-президенти коронавирус жуктуруп алды

Ирандын вице-президенти коронавирус жуктуруп алды

Ирандын аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу IRNA агенттигине таянып РИА новости басылмасы жазды.

Маалыматка таянсак, Эбтекар тапшырган анализден коронавирустун белгилери аныкталып, ооруканга жаткырылган.

Белгилей кетсек, Иранда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 245ге жетип, 26 адам адам каза болду. Акыркы бир түндө эле вирусту 100гө жакын адам жуктуруп алган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости