ИИМ Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу жолугушуу уюштурду

ИИМ Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу жолугушуу уюштурду

2020-жылдын 26-февралында КР ИИМдин Борбордук апаратында Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмчөсү тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу жолугушуу уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү, мамлекеттик тил боюнча адистер, ИИМдин УКЭКБнын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. Буга чейинки мамлекеттик тилдин колдонулуш чөйрөсүн арттырууга жана деңгээлин жогорулатууга болгон аракеттер, кызматташуулар жана алардын натыйжалары тууралуу баарлашуу жүрүп, алдыда кызматташуунун багыттары аныкталды.

“Улуттун уюткусу болуп, булактан аккан сымал кулакка агып, атадан балага, муундан муунга калып, элдин элдүүлүгүн аныктап турган эн белгиси – элдин эне тили эмеспи. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жоготору анык, буга тарых күбө. Ар бир элдин эне тилине астейдил мамиле жасап, байланышуунун куралы катары, ал эми эне тилибиздин кадырына жетип, мүнөз күтүүнүн, дүйнө калыптандыруунун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жана байланышуунун куралы катары колдоно билүү ар бирибиздин милдетибиз”,-деди аталган жыйында ИИМдин кыргыз тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Айбек Орозакунов

Анын айтымында 21-февраль — Эл аралык эне тил күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын арасында да жогорку деңгээлде белгиленди. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын 12-февралындагы “Эне тил күнүн өткөрүү жөнүндө” буюрмасы чыгып, ага ылайык КР ИИМдин түзүмдүк бөлүктөрүндө ар кандай деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш чараныны жүрүшүндө ички иштер органдарында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салымдарын кошкон инсандарга ИИМдин ведомстволук сыйлыктары ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2020-жылга карата бекитилген иш-мерчемге ылайык 400 кызматкер “Кыргызтест” сынагын тапшырышкандыгын, алдыда дагы 200 кызматкерди сынактан өткөрүү максатталып жаткандыгын белгилеген жетекчилик сынактан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге ИИМдин укуктук жактан камсыз кылуу жанан эл аралык кызматтыштык башкармалыгыгын башчысы, милициянын полковниги Нурбек Жангабылов “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин тастыктамаларын тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости