Эми депутат болсоңуз канча сом айлык аласыз?

Эми депутат болсоңуз канча сом айлык аласыз?

5 миллион сом менен 9 пайыздык тосмо партияларды ойлондура баштады. Мейли партиялар мамлекеттин эсебине 5 миллион сом төгүшсүн, ал эми партиянын кассасына депутат боло турган адам канча төгүшү керек? Депутаттардын орточо айлыктарын санап көрсөк, шайлоодо төлөнө турган 350 миң доллар мыйзамдуу түрдө акталбайт экен. Жогорку Кеңештин чыгаан депутаттарынын орточо айлыгы болжол менен 30 миң сом, ага кошумча дагы бир нерселер кошулуп отуруп, 1500 доллардай алышат. Эгер кудай буюруп беш жылга чейин таратылбай ак иштей турган болсо жалпысы 90 миң доллар табат. 90 миң доллар айлыгы үчүн 350 миң доллар төлөп шайлоого барышы бул абсурд. Балким депутаттардын мыйзамдан тышкары долбоорлорду “лоббировать” тапкан кирешелери болсо, анда кыныгын тапкан мындай депутаттарга 350 миң доллар кеп деле эмес.

Парламентке шайлоого бара турган партиялар эми 5 миллион сом БШКга коюш керек. Эгер тиешелүү добуш алып 9 пайыздан өтө турган болсо 5 миллион сом кайтарылат. Эгер 9 пайыздык босогого жетпей калса 5 миллион сом мамлекеттин эсебинде калат. Мурунку шайлоолордо мен партиямын дегендин баары парламентке шайлоого катыша бере турган. Эми өтпөй калса 5 миллион сомду бекер бере турган болсо партиялар шайлоого кантип катышат?

Президенттин алдындагы диний саясат жана улуттар биримдигин чыңдоо боюнча кеңештин эксперти Денис Бердаков соцтармактагы өзүнүн баракчасына Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү сунушталганын, бирок ал орун бери жагы 350 000 $ болоорун ачык айтып чыкты. Бул сумма болгондо да жаштар үчүн квота, медиа өкүлү катары жеңилдик болуп ылдыйлап (скидка) айтылганы экен. Бирок, Бердаков кайсы партия же партия өкүлү депутаттык орун сунуштаганын жазган эмес.

«Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо. Мага депутаттык орун сунушташты, бирок ал кымбат турат экен – ал орунга барышым үчүн партиянын кассасына 350 миң доллар төгүшүм керек экен. Алардын айтымында, бул сумма болгондо да жаштар үчүн квота, медиа өкүлү катары жеңилдик болуп ылдыйлап (скидка) айтылганы экен. Мен буга чейин парламентке барууну пландаган эмес элем, ырас, иш ушундай болсо, нары менде экологиялык, антикоррупциялык мыйзамдардын кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп жаткан соң Фейсбуктан сураганга даярмын: кайсы бай адамдан 350 миң $ алсам болот?” – деп суроо салат эксперт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости