Депутаттар арасында эң сулуусу жана эң акылдуусу Кожобек Рыспаевби?

Депутаттар арасында эң сулуусу жана эң акылдуусу Кожобек Рыспаевби?

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков парламентке келип:

— Мен сулуумун дегендер оң жакка, мен акылдуумун дегендер сол жакка тургула.—деп калат. Депутаттардын ичинен өзүн сулуу эсептеген: Алманбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулайманов, Абтандил Кулбараков, Жыргалбек Турускулов сыяктуулар оңго бөлүнүшүп, акылдуу эсептеген: Рыскелди Момбеков, Акылбек Жапаров, Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев, Мирлан Жээнчороев сыяктуулар солго бөлүнүп, бир оң тарапка, бир сол тарапка чуркап жалгыз эле Кожобек Рысбаев калган имиш.

-Ой, Кожоке сен каягына барасың? — десе.

-Мен өтө сулуу болсом, анан абдан акылдуу болсом экиге бөлүнө албай турам.- деген имиш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости