Депутатка талапкер болуп тизмеге катталып жаткандар жек көрүмчү адамдарбы же.

Депутатка талапкер болуп тизмеге катталып жаткандар жек көрүмчү адамдарбы же...

Шайтанбек деген депутат,

Шайтанын ичке камаган.

Ачуусу келсе бийликке,

Абакка барып тараган.

Талпынып дайым мансапка,

Тандемди өйдө санаган.

Ынтымак кетип ыркырап,

Ит сымал чыккан кабаган.

Мини ГЭС берсе жегин деп,

Үргөнгө эптеп жараган.

Коңуздай болуп тырмаңдап.

Коңулдан чыккан ал адам.

Фракция түзүп башканы

Кол жоолук сымал санаган.

«Шакеский» зордук, өкүмдөн

«Шайтанчик» бүт жадаган.

«Кечтик» — деп: «Шаке батадан»,

Сүлкүлдөп төрдө отурса,

Сүйрөп түшөт жакадан.

7

Алкобай деген депутат,

Алкынып арак сатат дейт.

Ыстакан болсо ырсайып,

Ичине кирип жатат дейт.

Ырасын айтсак чын эле

Ыстаканга батат дейт.

Сес көрсөтсө бийлик жак

Себепсиз эле качат дейт.

Жыт билгизбей ЖКдан,

Жыгылып-туруп ашап жейт.

Элге сатып уу спирт

Рокфеллер сымал жашайт дейт.

8

Көпкүлөң деген депутат,

Көп-көптөп бизнес жасаган.

Көөдөнү дайым бийикте,

Көргөзбөй барын ашаган.

Көңдөйдө булганч болсо да

Көчөгө чыкса таза адам.

Көчүгү жүрөт шалтактап,

Көрүшөт бирок аз адам.

Көңүлүн бурбай аялга,

«Көгүлтүр» болуп жашаган.

9

Суу куйду деген депутат,

Теледен түшпөйт жулунуп.

Мактоого дайым бөлөнүп,

Атагы алыс угулуп.

Күн сайын эле сүрөтү,

Гезитте жүрөт кубулуп.

«Ким барат?»- десе ойлонбой

«Мен барам»-дейт суурулуп.

Шайлоодон өтүп кеткен соң,

Карабайт артын бурулуп.

Бит болсо, аны кит кылып,

ММК жакта чуу кылып.

Булганыч анын көчүгү,

Буктурма жакта булкулдап,

Бурдайт миллион сугунуп.

10

Дырылдак деген депутат,

ЖКга келсе дырылдайт.

Ресторан, кафеден

Иретсиз эле ыр ырдайт.

Шопенди чертсе жарашмак,

Шоуда аны баалашмак.

Шоркелдей кыздын барысы

Шоумен дешип талашмак.

Чокуйм деп чоңду ЖКда

Шоңшоюп жүрөт ал акмак.

“Бийлик жакта тургандар, төө мингенсийт, бийлиги жок туугандар, жөө жүргөнсүйт”

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости