Депутатка талапкер боло тургандардын эсине, парламенттик «памятка»

Депутатка талапкер боло тургандардын эсине, парламенттик «памятка»

Депутаттын шайланышы –ар бир депутаттык үй-бүлөдө өзүнчө чоң майрам. Бирок,бул кубаныч кайгыга дуушар болбош үчүн, ар бир депутат парламенттик «памятканы» мыкты билип, эл менен кандай мамиле кылууну терең өздөштүрүү керек, себеби азыркы учурда депутаттыктан кол жууп калышы да оңой.

Депутаттыкка шайланаар замат көптөгөн камкордуктар келип чыгат. Албетте, бул учурда бийликтин, партия лидерлеринин тажырыйбасына ишенсе болот,бирок депутат ишти баштаар алдында, кандай саясий көз карашын калыптандырууну өзү күн мурунтан билип алганы дурус эмеспи.

Жаңы депутаты кандай отургузуу керек?

Депутаттын колдору бош болууга тийиш.Бул бөтөнчө добуш берүүдө керек. Көпчүлүк депутатка талапкердин колун таңып, же колуна жип байлап «кукловод» сыяктуу каалаган нерселерин аткартып коюшат.

Ошондуктан депутатка талапкердин колдорун, буттарын таңып байлоого болбойт. Мунун өзү зыяндуу,маданиятсыз адат. Ал эми оозун болсо көрсөтпөй таңып койсо болот. Көп сүйлөгөн депутатка талапкердин партиялык лидерлерге пайдасы деле жок.

Айлана-чөйрө менен мамиле.

Жаңыдан шайланган депутатка көп адам менен тааныш болсо ашыктык кылбайт. Таанышууга эң ыңгайлуу жер сауна. Саунадан министрлер менен таанышса болот. Ак үйдүн туалетине барып чиновниктери менен, буфетке кирип журналисттер менен таанышса пайдасы эле тийет. Ал эми өкмөттүн алкы бузуктары менен жетинчи кабатка чыгып таанышкан наристе депутат, кийин соң кызмат тепкичинен көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Жетинчи кабат менен капчыгыңды калыңдап таанышсаң жок дегенде министр болосуң.

Отурум залынын температурасы.

Отурум залында наристе депутат жылаң баш болгону жакшы. Ымыркай депутаттын организми өзүнө керектүү нормалдуу температураны али начар кабыл алат.

Дал ошондуктан отурум залында температураны 18-20 градус болушуна көз салыш керек. Наристе депутаттын үшүшүнө жана ысып кетишине жол бербөө зарыл. Кокустан жаш депутат суукка урунса мурдунан суу куюлуп элге шылдың болот. Ал эми ысып кетсе да эң зыяндуу: эти ысып температурасы көтөрүлүшү мүмкүн, көп тоюп алса, аягы ичи өтүп айласын алты кетирет.

Жаш депутат өзүн кантип алып жүрүүсү керек?

Муну билүү абдан керек. Эң алгач моюнга сөзсүз «маданияттын ычкырын» тагынуу керек. Болбосо партиялык лидерден жеме угуп калышы мүмкүн. Коомдук жайларда коёндон жапыз жүрүш керек. Анткени жаш депутатка көз салгандар көп болот. Жулунган журналисттерден жаа боюу качыш керек. Алар такмаза кылып кетиши абзел. Партлидердин баканооздору байкап калбасын, «кызга кырк үйдөн тыюу » дегендей жаш депутатка бардык жерден тыюу салынат.

«Кол ийрисине тартат».

Ымыркай депутат колдорун самындап жууп, керек болгон учурда тырмагын алуу керек. Мунун катта мааниси бар, анткени тырмагы курч депутат өтө «грязный» нерселерге көз артып, колун тырмагы менен кошо матырып «жугуштуу ооруларды» жугузуп алышы ыктымал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости