Депутат Мадеминов Атамбаев үчүн депутат Текебаевди жүдөтчү эле, эми да жүдөтөбү?

Депутат Мадеминов Атамбаев үчүн депутат Текебаевди жүдөтчү эле, эми да жүдөтөбү?

11

Муштумбек деген депутат

Мурдуңа такайт муштумун.

Сылыктап сөз айтпасаң

Сына түшөт тумшугуң.

Жини келсе айкырат

Жекеге бирден чакырат.

Отурум болуп жатабы

Ойлобой аны жакшылап.

Жинденип кээде алкынат

Чимкиринет, какырат.

Танаписти күтпөстөн

Тартипсиз кылып бакырат.

«Кантужини» кармаса

Чуу кылып ийет заматта

Ээрчитип барын тапырап.

12

Моникбек деген депутат

Мончого басып барбаган.

Саат сайын барып салкындап

Сауна жактан калбаган.

Сараңдык кылбай акчасын

«Сайкалдан» бирден тандаган.

Кутуруп кечке ал жерде

Кумары дагы канбаган.

Моментин таап ар кимге

«Моника» сүйүү арнаган.

Көчүгү бош экенин,

Көрбөйт деп жүрөт жан адам.

13

Кумарбек деген депутат

Кумарга өтө берилген.

Казнадан алып миллионду

Казино көрсө элирген.

Төө десе, ага бээ деген,

Төрт тыйын элге бербеген.

Парламент ишин түшүнбөй,

Мыйзамды болсо билбеген.

Акчасын чачып, а бирок

Казино жакты ийлеген.

Миллионду чачып бекерге

Кумардын бийин бийлеген.

Бюджет кемип баратат

Бүтпөсө экен ый менен.

14

Мурасбек деген депутат,

Миллионду тапкан оңойдон.

Ымыркай бала кезинен

Мармелад жеп чоңойгон.

Туурасы өсүп центнер

Өспөй боюу кодойгон.

Атасы болуп депутат,

Акчаны тапкан олчойгон.

Уулуна мурас калтырып,

Кызматын таштайт койкойгон.

Башкалардын буттары

Чыкпасын деп чокойдон.

“Бийлик жакта тургандар, төө мингенсийт, бийлиги жок туугандар, жөө жүргөнсүйт”

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости