Дасыккан кʏрѳшʏʏчʏлѳр катардан чыгып жатышат, ал эми мамлекетте абал курчуп баратат

Дасыккан кʏрѳшʏʏчʏлѳр катардан чыгып жатышат, ал эми мамлекетте абал курчуп баратат

Бир гана каалоом – жолугушуу жана баарлашуу.Крижижановский менен жолугайын дедим. Ал кабыл албайт экен. Мейли дагы кабыл ала турган ыӊгайлуу учур келер. Эртеӊ М.га барам. Эмнеге, эмне ʏчʏн? Билбейм ѳзʏм да. Биздин заманда адамдар жазалаганды билишпейт. Ааламдагы эӊ оор жаза –бул сʏйгѳн адамы менен ажыратуу.

Абдан маӊызы жок абал, кѳрсѳ адам ѳзʏндѳ эмне болуп жатканын билбеген учур болот экен. Менде ушундай сыйкырлуу нерселер болуп жатат. Мен ѳзʏм эмне болуп бара жатканымды билбейм…Бир гана мен эч нерсеге жарабасым, эч нерсе иштей албасым ѳзʏмѳ тʏшʏнʏктʏʏ болуп турат. Мындай сезимдер менде узакка сакталабы –муну да мен биле бербейм.
Кечинде «аквариумда» болдум. «Айлананын квадратурун» карадым. Мааниси жок, бирок мыйыгыӊан жылмайсаӊ болот.

01.09.1928

Лашевич жарыкчылык менен кош айтышты. Борбордук Комитет кайгыруу менен тереӊ кѳӊʏл айтышты. Анын трагедиялык ѳлʏмʏнѳ ким кʏнѳѳлʏʏ? Чындыгында ал аварияга учураган автомобиль эмес экендиги бештен белгилʏʏ.

Революциянын дасыккан кʏрѳшʏʏчʏлѳрʏ катардан чыгып жатышат, ал эми мамлекетте абал курчуп баратат. Тʏшʏм жыйноо тѳмѳн. Башка товарлар да жок. Дыйкандарды кулакка тартуу иш жʏзʏндѳ мамлекеттин ѳстʏнѳн «кара булутту» айлантып туру. Совет бийлиги ʏчʏн «жут» келбейби?

Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн

MOCKBА. 02.09.1928

Орус тилинен которуп даярдаган:

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости