Чырды даярдоого “Сорос-Кыргызстан” фонду 3 млн. $ бөлсө, АКШ “Азаттыкка” 3 млн $ бөлдү

Чырды даярдоого “Сорос-Кыргызстан” фонду 3 млн. $ бөлсө, АКШ “Азаттыкка” 3 млн $ бөлдү

Быйыл тынч кыш мезгили аяктап, чуулгандуу жаз айлары келе жатат. Бийликти алмаштыруу үчүн 3 миллион эле доллар жетет деп ойлошобу, АКШ тиреги болгон “Азаттыкты” күчтөй баштады. Чындыгы, АКШ Кыргызстанды Орусияга каршы Борбор Азияда бекем тылына айлантканы турат. Башкы чуулгандуу окуялар убакыт жылган сайын чукулдап келатат. Учурда мезгил-мезгили менен эч кимге билинбеген ымырт митингдер башталды. АКШ Конгресси “Азаттыктын” кыргыз филиалынын бюджетин эки эсеге көтөрдү. 2019-жылы “Азаттык” үн алгысына АКШ тараптан 1, 7 миллион АКШ доллары менен акча каражаттары бөлүнгөн. 2020-жылы АКШ “Азаттык” үналгысына бөлө турган акча каражатынын эсеби 3 миллион долларга жетти.

Ал эми “Сорос-Кыргызстан” фонду журналисттердин иликтөө кызматтары үчүн долбоорго 3 миллион доллар бөлдү. “Сорос-Кыргызстан” фонду журналисттерди ушул долбоорго таяп иликтөөлөрдү окута баштайт. Тренинг жана семинарларда бир гана журналисттер болушпайт, окутууга шылтоолонуп бул жерде жаш үгүтчүлөр, активдешкен бийликке каршы саясатчылар да окушат. Батыш дегенде ак эткенден, так этишип, Батыштан “жем жеген” өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) жеңдерин түрүнүшүп, бүлгүндү баштоого дайым даяр турушат.

Бул эмне деген окшоштук, “Азаттыктын” жылдык бюджети 3 миллион доллар болуп жатса, революция жасоо жаатында бышып жетилген “Сорос-Кыргызстан” фонду да 3 миллион доллар бөлүштү. Же 3 миллион доллар менен гана бийликти алмаштыргысы келип жатышабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости