Чыныгы партияларда аял же күйөөсү гана ошол партияда катталган

Чыныгы партияларда аял же күйөөсү гана ошол партияда катталган

Эгерде партия жөнүндө бүт дүйнө сөз кыла турган болсо- анда ал Кыргызстандын келечегин курам деп, кырды –бычак сөзгө калган Мекеним Кыргызстан.

Эгерде партия жөнүндө бүт өлкө сөз кыла турган болсо — анда ал элди жыргатам деп кан менен бийликти тартып алып, “балашкалардын” “балмуздактарына” миллиондоп акча чачып, кан менен жолун бууган СДПК.

Эгерде депутат жөнүндө бүт облус сөз кыла турган болсо- анда ал тосмодон секирем деп шымынын артын тилдирип алган,”Республикага” кошулам деп электоратынын жарымынан айрылган — “Ата-Журт.

Эгерде партия жөнүндө бир район сөз кыла турган болсо — анда ал өз көмөчүнө күл тартат го деген ой туудурган, кыргыз элине али тааныла элек -“Биримдик”.

Эгерде партия жөнүндө аялы же күйөөсү гана сөз кыла турган болсо- ал аялы же күйөөсү гана катталган чыныгы партия.

Келиңиздер, анда ушул тостту отуз жылдан бери түзүлүп келаткан 250 партиянын келечеги үчүн алып жибериңиздер!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости