Чодуев министр болгону «чот каккандай эле» баалар чодуңдай баштады

Чодуев министр болгону «чот каккандай эле» баалар чодуңдай баштады

Чодуев деген чодуңдаган айыл чарба министри бар. Министр болоордо эл алдында асынып өлсөм да бааны кармайм деп ант берген. Анты куруп кетсин, антаңдап жүрүп унга ээ боло албай ун асмандап кетти эле, ун артынан эт, күрүч адыраңдай баштады. Улуттук статистика комитети он айлык жыйынтыгын жарыялап койолу:

  1. 2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1-сорттогу ун 6,6%, жогорку сорттогу ун 3,3% кымбаттады.
  2. 2018-жыл октябрь айында 1-сорттогу ун 29,25 сом, жогорку сорттогу ун 37,36 сом болсо, быйыл биринчиси 31,1 сом, экинчиси 38,89 сом деп белгиленди.
  3. Ошондой эле күрүч былтыр 70,99 сом болсо, быйыл (9% өстү) 77,10 сом болду.
  4. Былтыр уйдун эти 323,45 сом болсо, быйыл (5,2% өстү) 341,75 сомду түздү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости