Атамбаев мамлекет башында турганда чек ара маселесине көңүл бурулган эмес. Ошондуктан 1 метр да чек ара такталган жок. Эми делимитация жана демаркация маселелерине канча каражат бөлүнгөндүгүнө кызыкса болот. Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаковдун айтымында, кабыл алынган программага ылайык, 33 иш-чара пландалган жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн ар жыл сайын 98 млн сомдон бөлүнүп берилип жатат. Ошону менен катар 300 млн сомдон ашуун кошумча каражат каралгандыгы белгилүү болду. Баткен облусундагы элди кармап калуу үчүн, социалдык маселелердин баары чечилип жатат. Алсак, Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешип турат:
1. Акаевдин учурунда Кытай менен чек арасын такташ үчүн Ватикан сыяктуу 1936 мамлекет бата турган зор аймакты коңшуларга берип экинчи парламент менен ратификация кылган.
2. Казакстан менен соодалашуу 2003-жылы башталып, Каркыра жайлоосундагы 500 гектар пайдалуу жерибиз, какыр талаага алмашылып, Токмоктун чеке белиндеги жерлер, Таластын Маймагында бир топ жерлер Нур-Султандын карамагына өтүп төртүнчү парламент ратификациялаган.
3. Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара тастыктала элек. Бирок Кыргызстандын 104 гектар жери Тажикстанга кантип өтүп кеткенин тууралуу кеп аягына чыга элек. Аскар Акаевичтин президенттик маалында 2004-жылы июнь айында эле Акаевдин «сүйүктүү эркеси» Баткен облусунун ошол учурдагы губернатору Аскарбек Шадиев менен Шадиев тоңкой десе тоңкойгон, оңкой десе оңкойгон кол баласы Баткен районунунун ошол кездеги акими Болот Алиев менен колду коюшуп, өз жерин берип жаткансып Тажикстанга 104 гектарды өткөрүп беришиптир. Кудайды да теңине албай калышкан «Акаевчил» Шадиевдер «Мыйзам – бул буйлалаган төө» дешип, эч кандай мыйзамды тоготушпай, «Өздөрүн өздөрү билишип, өтүгүн төргө илишип» мындай жүзү каралык мыйзамсыз иштерге барышкан. «Кылмыш кырк жылда билинет» дейт, кырк жыл эмес жергиликтүү эл ошондон бери кан-какшап жүрүп, 15 жылда бул мыйзамсыз иш белгилүү болду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg