Чаткал милициясы «Жолдо жүрүүдө абайла окуучу» иш-чарасын өткөрүүдө

Чаткал милициясы «Жолдо жүрүүдө абайла окуучу» иш-чарасын өткөрүүдө

Чаткал РИИБнин жетекчилигинин демилгеси менен балдарды колдоо жылына карата бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Район аймагындагы мектептерде, эл көп топтолгон жайларда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, кырсыктардын алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол менен катар «Жолдо жүрүүдө абайла окуучу» иш-чарасы жүргүзүлүп, өспүрүмдөргө жол белгилери тууралуу маалыматтар берилди.

Сабактан соң үйгө бараткан учурда жолдун чети менен жүрүү керектиги, жолду туш тараптан кесип өтпөй атайын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чийиндерден өтүүгө болоору эскертилди.

Ал эми ата-энелерге балдарын түнкү убакыттарда зарыл жумушболбосо сыртка чыгарбоо керектиги жана эрте турмуш куруунун терс жактары айтылды. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташуулардын, мектеп рекетчилигинин алдын алууда ата- энелерди кайдыгер мимиле жасабоого чакырышты.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости