Блогер Сыдыман эркиндикке чыкты

Блогер Сыдыман эркиндикке чыкты

Блогер Сыдыман боштондукка чыкты. Бүгүн Бишкек шаардык соту блогер Сыдыманга байланыштуу ишти карап, тергөө маалында үй камагына алуу боюнча өкүм чыгарды.

Ага 313-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, Октябрь РИИБи тарабынан кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган эле.

Буга чейин Элмир Сыдымандын апасы Махабат Молдомусаева президентке кайрылуу кат жазып, баласына эскертүү деле жетиштүү болмок экендигин айтып, баласы үчүн кечирим сураган.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости