Бишкекте оозу ачык калган кудукка адам түшүп кетип каза болду

Бишкекте оозу ачык калган кудукка адам түшүп кетип каза болду

Чүйдө кудуктан табылган адамдын сөөгү милицияга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка караганда окуя, Аламүдүн районуна караштуу Энергетик шаарчасында болгон. Анда турак үйдүн жаныдагы кудукка (люк) белгисиз адамдын сөөгү жатканы тууралуу аталган мекемеге күбө кабар берген. Кабар келип түшөөрү менен жерине төрт куткаруучу келип ичиндеги эркек кишинин сөөгүн алып чыгышкан.

“Табылган адамдын сөөгү кудуктан чыгарылган соң, милицияга өткөрүлүп берилди”,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын күз айларынан 2019-жылдын апрелинин ортосуна чейин Бишкек шаарындагы 600дөй кудуктун капкагы жана арыктардагы жаан өткөрүүчү торчолор уурдалган. Буга байланыштуу капкагы ачык калган кудукка адамдар түшүп кетип каза болгон, жараат алган учурлар дайыма катталып келет.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости