Атамбаев 2016-жылы 16-декабрда Текебаевди темселетип, референдум менен өзгөрткөн Конституция боюнча Премьер-министрге көп полномочие берген. Азыр жогорку кызматтарга президент эмес, өкмөт башчысы фракция жетекчиси менен кеңешип дайындайт. Президент алар дайындаган адамдарга кол коюп бериши керек. Иш жүзүндө мындай мыйзам алты фракция жетекчисин чамгарактатып, каалаганын жасатып койду. Ал эми өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өзүм билемдикке салып, жалаң жакындары менен жагымпоздорго чоң мансап берип жатканы “сокурду ит капкандай” эле белгилүү. Башмыйзамдын ушундай алешемдигин жазбай пайдаланган Өмүрбек Бабанов парламенттик шайлоо алдында, өзү партия жетекчилигинен кетсе да, “өгүздөй кара күчү” менен маалымат “королдоруна” өзүнүн жакын адамдарын койо баштады.
Чу, дегенде эле мамлекеттик КТРК каналына жеке менчик НТС каналынын директору Жайнак Үсөн уулун алып келип, Кыргызстан буюрса меники деп каткырып калды. Эми аймактар боюнча “атакага” өттү. СТС телеканалына “Чыккан жерден чуу чыгарган” Тайтекеевди койдурат. СТС азырынча Zor TV, Megaline жана Smart TV-Юг санариптик провайдерлердин линиясы аркылуу Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облусунда, Бишкек шаарларында жана Ош шаарларында тартат. СТСтин планы КТРКнын катарына туруу үчүн парламенттик шайлоо алдында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында тарттырууга аракет жасайт. Негизи СТС Чүй облусуна тиешелүү. Өмүрбек Бабанов тайталактап жүрүп таластык Тайтекеевди Чүй облустук медиаборбордун башына алып келген.
Тайтекеев Ысык-Көл телеберүүсүн жетектей албай, Кылмыш-Жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен бошоор алдында ортого Өмүрбек Бабанов түшүп, акелеп-жакелеп, капчыкты калыңдатып жатып Тайтекеевди «өз арызы менен» деген негизде кызматынан бошоткон. Тайтекеев эмне үчүн кызматынан бошотулган ушуга жооп издейли. 2009-жылы ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов тааныштык менен Тайтекеевди Ысык-Көл телеберүүсүнө алып келет.
Тайтекеевдин көчүгү Бабановдукуна окшоп булганыч эле. Бабанов азыр ыраматылык болгон Айдар Акаев менен биригип мунайзат саткан кыргыз бизнесмендерине рекэттик кылып акча жыйнаса, кийин АКШтын «Манас» авиабазасына авиабензинди мыйзамсыз ташып миллиардер болсо, Тайтекеев КТРдин «Кабар» маалымат редакциясына жетекчи болуп туруп беш салаасын матырып жибергени үчүн Кылмыш-Жаза Кодексинин 171-беренесинин 3 пунктунун 2 -3 бөлүмү боюнча кылмыш иши ачылган. Тайтекеев Бабанов аркылуу Айдар Акаевдин вассалына айлангандыктан ошол кездеги президент жездеси Акаевди мактаганда оозунан кара көбүк чыгып жүрүп, жездеси Акаев бийликте турганда мени ким эмне кылат деген өпкөсү казанактай болуп, ишенип берилген мүлктөрдү өзүнө ыйгарып алган.
Калыбек Тайтекеев КТРдин кыргыз үн алгысынын «Кабар» маалымат редакциясына Башкы редактор болуп турганда эмне баалуу мүлк болсо кыя өтпөй, эң кымбат баалуу чет мамлекеттен, элдин бюджеттеги акчалары менен келген үн жазгычтарды жок кылганы үчүн кийинки КТР жетекчилиги доо койгон. КТРдин ошол кездеги жетекчилери аны 35 миң сомдук радио жабдууларын өзүнө ыйгарып алганын мойнуна коюп, ошонун айынан кызматынан куулган. Тайтекеевдин эжеси канайым Майрам Акаева мамлекетти силкилдетип турганда сомдун наркы абдан өйдө болуп, сом валюта катары жаңы киргенде миң сомго эки жылкы келер эле.
«Эки элди эриктирбей, бир элди бириктирбеген» Тайтекеев соттун оозун басып, соттон купкургак чыгып, жакын тууганы Бабановдун көмөгү менен Ысык-Көл телеберүүсүнө жетекчи болуп келет. «Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы» дегендей элдин акчасына куралган мамлекеттик мүлктөрдү ичип-жегенге кыныккан Тайтекеев 5000 АКШ доллары турган видеоаппаратураны Чолпон-Атадагы операторлорго беримиш болуп ошол бойдон дайынсыз жоготкон. Ысык-Көл облустук администрация тарабынан компанияга берилген кымбат баалуу автомашина Тайтекеевдин жеке менчик жумуштарына баратып кырсыкка кабылып, анын ордуна «өлбө жаным, өлбө» деген чириген, эски автоунааны ордуна коюмуш болгон көз бойомочуулугу бар.
Ошону менен калбай Тайтекеев коррупция менен аралашып кеткени тууралу Ысык-Көл ТВнын он тогуз кишинин колу коюлган жамаат тиешелүү органдарга арыз менен кайрылышкан. Ал арыз боюнча шайлоо алдында рекламага көптөгөн суммадагы акча түшкөнү белгилүү, андан тышкары 1 000 000 сом шайлоо учурунда үнөмдөлгөн. Шайлоо учурунда мыйзамдын талабына ылайык КТРКда талапкерлерге секундуна 200 миң сом төлөнөт. ЫТРКда рекламага келген акча каражаты жең ичинен бөлүнүп кетти деп жазган арызда. Маалымат коррупциясына малынган Тайтекеевдин тайтаңдаган саясатынан улам бул акчалар каякка коромжулаганы дайыны жок.
Майли, Тайтекеев бул миллиондорду капчыгына салып дардаңдай берсин, бирок эмнеге Маданият, маалымат жана туризм министрлигин алдындагы Маалымат департаментине беребиз деп жамааттын мүчөлөрүнөн 1000 сомдон чогултуп алат да мындай мыйзамсыз иштердин барын башкы эсепчиге жүктөйт. Тайтекеев ал акчаларды өз капчыгына салганы аз келгенсип Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жаман көрсөтүп ала жатканы натура иш болуп жаткандай. Ал мыйзамды одоно бузуп, өзүнө жакын күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге эмгек акы төлөп берген.
Андан тышкары Тайтекеев өзүнүн кол алдындагы кошоматка кой сойгондорго эбегейсиз чоң суммадагы калем акы жазып берген. Мындай калыссыздык менен эмгек жамаатын өзү бөлүп-жарып, Ысык-Көлгө батпай калганда, Ысык-Көл телерадио компаниясын жетектей албай калган Тайтекеевди, Кылмыш-Жаза кодексинин тиешелүү беренеси артынан кубалап жөнөйт. Ортого Өмүрбек Бабанов түшүп, «өз арызы менен бошотуп» ысык кезинде Чүй облустук медиаборбордун жетекчилигине алып келди. Эми Чүй облустук медиаборборду кантип бүлүндүрөр экен?