Бийликтин “Биримдиги” элди биримдикке чакырабы?

 Бийликтин “Биримдиги” элди биримдикке чакырабы?

“Биримдик” кечээки Акаевдин “Алга, Кыргызстанбы” же Бакиевдин “Ак Жолубу”, мүмкүн Атамбаевдин СДПКсыбы бирок тирилиш керек эле. Анткени, Конституция боюнча президентке партия ыйгарылганбагы менен, анын инилери Асылбек Жээнбековго Конституция эмес адамкерчилик боюнча партия түзүүгө эл макул болбогон менен кимдир бирөө партия түзүүгө белсениш керек эле. Ушул возуйпаны Зулпукаров алгандай. Эми парламенттик партияларга көз жүгүртөлү:

  1. СДПК- Атамбаевдин партиясы катары бийликти мыкчып турган. Эми миллионго бөлүнүп кетсе да, ушул парламенттик шайлоодо өтпөй калды.

“Ата –Мекен”- ““Ата –Мекен” парламенттик шайлоодо “Ата –Мекен” болуп калат. Бийлик колуна тийери менен “Атат –Мекенге” айланат.

“Республика –Ата-Журт”- бул фракциянын иши бүткөнүнө көп болду. Эмки жарышта булар бирикпейт. Бирок бөлүнгөн күнү да бул партияда ал бар.

Өнүгүү-Прогресс” Атамбаевдин ”кол бала” партиясы ал турсийин булгап алды, бул партия турсийин тазалап турат. Эгерде жакшы тазаласа “Республикага” кошулуп келет. Мүмкүн, “Биримдикке” кошулуп калар.

Партия эки жүздөн ашык бары эле азыркы мыйзамга ылайык же миллионун жөн сапырып, же бирөөнө окшоп келер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости