Эң эле кырдаалдуу коркунучтуу аймак Баткен облусун акыркы мезгилде кесме жыттанган адамдар гана башкарып жүрүшүп, куйругун кескен кескелдирикке окшоп баратат. Кескелдириктерди таш менен уруп “кес куйругуңду” десе куйругун кесе качышат. Ошол сыңары Баткен облус болгон соң биринчи губернаторлорунун бири Аскар Шадиев кескелдириктин накта өзүнө айланып, Тажикстанга «белекке» 104 гектар жерди кесип берип жиберген. Лейлек районундагы Максат айылынын алдынан 35 гектар, Максат-Кулунду жолунун жанындагы жер тилкеси Тажикстанга өтүп кеткен. Ушундай эле жер тилкелери Арка айыл аймагында бар. Кыргыз өкмөтүнүн камырабастыгынан улам, соңку отуз жылда Баткендин Лейлек району анклав абалына кептелип баратат. Шадиевдин мындай эркелигин мыйзамдаштыруу үчүн өз ара жер участокторун бөлүштүрүү боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын макулдашуусун ишке ашыруу үчүн 2005-жылы Бишкек өз кызыкчылыгын унутуп калат. Макулдашуунун чегинде Баткендин 104 гектар жер тилкеси Тажикстандын карамагына өтүп, анын ордуна кошуна мамлекет Кыргызстанга 5 гектар жер участогун берүү милдеттемесин алган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара жер участокторун бөлүштүрүү маселеси 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында макулдашылган. Ага ылайык, Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордону менен коңшулаш Согду облусундагы “Канибадам” көмөк чордонун бириктире турган жогорку чыңалуудагы электрлиниясын куруу үчүн Кыргызстан Баткендин чек ара аймагынан 104 гектар жер участогун Тажикстанга 50 жылга ижарага берген. Тажикстан анын ордуна Сурх жана Ворух айылдары аркылуу өткөн чек аралаш аймактан Ош-Баткен-Исфана жолун кеңейтүүгө 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын бөлүп бермек. Бирок Кыргызстан ал макулдашуунун шарттарын толук аткарып 104 гектар мурун Шадиев берген жерди бергени менен Дүйшөмбү бармагынын учун көрсөтүп, 5 гектар жерди берген эмес.
2008-жылы 26-ноябрда эки тараптын коопсуздук кеңешининин катчылары кол койгон токтомдордо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо эки тараптын тең кызыкчылыгына тура келет деп көрсөтүлгөн. Бул токтомду даярдатууда шык берген ошол кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров болгон. Ал үчүн жол жана көпүрө курууга Исфара дарыясын жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси кайрадан каралган.
Тажик тарап бирок бул милдеттемесин уруп да ойнобой, тоготпой койгон. Тажикстан убада кылган 5 гектар жер Кыргызстандын карамагына өтпөй калгандан кийин, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек ара тилкесин айланып өтмө жолду курууга киришкен. 23,5 чакырым аралыктагы автожолдун ал участкасы Европа Комиссиясынын долбоору боюнча 6 миллион 300 миң еврого каржыланган. Мына ошондон кийин, кыргыз өкмөтү кийинки сүйлөшүүлөрдө, бөлүнбөй калган 5 гектар жер тилкесин Тажикстандын Исфара районундагы Ходжа-Ало участкасынан бөлүп берүүнү тажик өкмөтүнөн талап кыла баштаган.
Кыргыз-тажик чыры ошондон бери түгөнбөй келатат. Тажикстандан кайрый турган жерлерге алар орун-очок алышып, ал эмес үй кура баштаганда кыргыз жарандары алар бул чыр жер экенин эскертишип ортодо чырлар болуп келатат. Бул ишти мал доктур Мадумаров чече алган жок. Анча-мынча намыска жарай турган жигитибиз Мамат Айбалаев губернаторлук жаштан өтүп кетти. Дуулдаган узун кептердин арасында Абдрахманов Алишер деген намыс очогуна от жага турган жигиттердин бири дешет көргөн билгендер. Бул жигит Баткенде туулуп-өсүп жер эмне болуп кетип жатканынын дайнын жакшы билет, ждана кыргыз жери дегенде кырынан жата калып, үзүктөй жердин кетиши үчүн үзүлө түшөт.Буга чейин Баткен губернаторунун орун басары катары элдин ишенимине татый алган. Коопсуздук жана тартап тарапта иштеп жүргөн Абдрахманов Алишер Баткенде тартипти катуу сактап, балким Тажикстанга кеткен жерлерди кайрып келер.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg