Авто унаа уурдап жүрүшкөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

Авто унаа уурдап жүрүшкөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

Авто унаа уурдап жүрүшкөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 18-январь күнү Араван районунун Тоо-Моюн айыл аймагынын Авиз айылынын тургуну А.А (аял киши) уйунун короосунда токтоп турган Хундай-Портер үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси 0 2411 AD болгон автоунаасын белгисиз атуулдар уурдашып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча тергөө тапшырмасынын негизинде Араван РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 2020-жылдын 22-январь күнү шектүү катарында мурда соттолгон Кара-Суу районунун 26 жаштагы жашоочусу К уулу С жана Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну Б уулу М кармалышкан.

Тергөө тапшырмасы боюнча Араван РИИБдин криминалдык милиция кызматынын (КМК) кызматкерлери жана Төө-Моюн Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн (АМБдин) кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагында 3 күндүк жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылынын Дом-Ата айылынын тургуну 1965-жылы туулган У. Анын короосунан мамлекеттик номуру О 2411 АD болгон көк түстөгү “Хундай-Портер” унаасы далил буюм катары алынган.

Бул топ кылмыштуу шериктери менен Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында башка кылмыш кылгандыгы боюнча да ыкчам маалыматтар болгондуктан башка кылмыштарын жана кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости